Суу азаят, Кыргызстан сууну башкаруу саясатын өнүктүрүшү керек. Адистин маеги

© Sputnik / Эмиль СадыровДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Учурда дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Суу ресурсу акыркы жылдары Борбор Азияда да курч маселеге айланууда. Жакында эле Бишкекте суу саясатын жөнгө салуу жаатында жыйын болуп, анда бир топ маселелер көтөрүлдү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу жер жана суу ресурстары мекемесинин башкы адиси Эркинбек Абдрасулов болду.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу жер жана суу ресурстары мекемесинин башкы адиси Эркинбек Абдрасулов
Главный специалист управления водного и земельного хозяйства МПРЭиТК Эркинбек Абдрасулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу жер жана суу ресурстары мекемесинин башкы адиси Эркинбек Абдрасулов
— Жакында өткөн суу форуму жана анда көтөрүлгөн маселелер боюнча айта кетсеңиз?
— Ушул жылдын 31-майында Бишкек суу форуму өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, тийиштүү министрликтер жана Дүйнөлүк банктын Европа менен Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани, Борбор Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Жа катышты. Форум суу секторундагы фундаменталдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди жүргүзүүгө багытталды.
Негизинен жыйында суу тармагындагы көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр менен аны чечүүнүн инновациялык жолдору талкууланган.
— Жалпы эле суу ресурстары боюнча өлкөдө абал кандай?
— Кыргызстан Борбор Азияда суу ресурсуна бай мамлекеттердин катарында. Өлкөдөгү өзөн, дайралар чогулуп келип Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Чүй, Тарим, Иле, Талас сыяктуу чоң дарыялардын бассейндеринин негизги куймаларын түзөт. Дарыялардын жылдык агымынын көлөмү 48,7 чакырым кубду түзүп, мунун ичинен Кыргызстан орточо эсеп менен 5,2 миллиард метр куб же 25 пайызын пайдаланат. Мындан сырткары, жер алдындагы суунун запасы 13,9 миллиард метр куб. Суу менен камсыздоочу инфраструктуралардын көпчүлүгү союз мезгилинде курулган. Көбү эскирди. Азыр өкмөт тарабынан жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
— Форумда министрлер кабинетинин төрагасы коңшуларды да ойлош керектигин айтты. Муну кандай түшүнсөк болот?
— Акыркы убакта климаттын өзгөрүүсү, демографиянын өсүшү да сууга болгон муктаждыкты жогорулатууда. Эксперттер климаттын өзгөрүүсү менен суу ресурстарынын көлөмү да азаярын болжолдоп жатат. Бул жакынкы 50 жылда билине баштайт.
1970-жылдары республиканын аймагында жалпы аянты 7944,2 чарчы чакырым, көлөмү 549 чакырым куб болгон 8164 мөңгү бар эле. Борбор Азия жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, 70 жылдын ичинде мөңгүнүн жалпы аянты 16 пайызга, ири мөңгүлөрдүн аянты 17 пайызга кыскарып, чоң мөңгүлөрдүн майдаланышы байкалууда.
Коңшулар менен суу жана тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында өз ара кызматташуу зарыл. Бул жаатта эл аралык милдеттенмелерди да кабыл алганбыз. Илим, техника өнүгүп, климат өзгөрүп, сууга муктаждык күндөн-күнгө өсүп жатканда суу ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү милдети турат.
Суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгарып, тазалоо маселелери колго алынат. Ошондой эле ирригация жана мелиорация маселелери боюнча комплекстүү иштер жасалат. Сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү өзгөрүлбөс артыкчылык бойдон калууда.
Соң-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Соң-Көлдө бетеге азайып, уулуу чөптөр көбөйүүдө. Адистин маеги
— Сууну колдонуу эл аралык нормалар менен жөндөлөбү?
— Кыргызстандан агып чыккан сууну коңшу өлкөлөр Сыр-Дарыянын бассейни аркылуу пайдаланып жатат. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын суу чарба курулуштарын пайдалануу жаатындагы өз ара мамиле негизинен Сыр-Дарыянын бассейнине тиешелүү. Совет доорунан бери Борбордук Азияда сууну бөлүштүрүү протокол боюнча жүргүзүлүп келет. Негизинен сугат аянттарын камсыздоо принциби түзүлгөн. Региондогу төрт өлкө үчүн суу бөлүштүрүү лимиттери айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууда илимий жактан негизделип эсептелген. 1981-1983-жылдары СССРдин Суу чарба министрлиги тарабынан региондогу беш өлкөгө сууну керектөөнүн лимити бекитилген, ал жалпысынан азыр да сакталууда.
Ар бир мамлекетке тиешелүү суунун үлүшү (квотасы) эсептик запастардын пайызы менен белгиленген, ал эми көлөмдүк суу бөлүштүрүү камсыздоосуна жараша такталып турат. Белгилей кетүүчү жагдай, Совет маалында мамлекеттик пландоо системасына ылайык, ар бир аймакка айыл чарба багытына жараша өсүмдүктөр айдалчу жана суунун көлөмү ушуга карап эсептелинген. Азыркы убакта суу пайдалануунун көлөмү, экономикалык жактан бөлүштүрүү кызыкчылыктары сакталбай калууда. Мурда коңшулар бизден агып чыккан сууну пайдаланып жаткандыктан союздун бюджетинен Кыргызстандын сууга керектүү техникалык жабдыктары жаңыланып, материалдык жактан камсыздалчу.
Суу бөлүштүрүүдө дүйнөлүк тажрыйбаларга да таянышыбыз керек. Эки-үч өлкөнү кесип өткөн суу боюнча кээ бир мамлекеттерде келишимдер бар. Мисалы, өйдө жактагы зоналар сууну топтоп ылдыйкы зонага керектөөсүнө жараша берет. Ал эми ылдыйкы зоналар суунун экономикалык баалуулугуна жараша эквиваленттүү түрдө төлөп берүү шарттары бар. Биз бул жагынан өзүбүздүн нормативдик документтерибизди карап жатабыз. Бардык нерсе коңшулар менен өз ара пайдалуу кызматташуу, түшүнүшүүнүн негизинде чечилиши зарыл.
— Ички нормативдик документтер (Суу кодекси) даяр болуп калдыбы?
— 2005-жылы бизде суу ресурстарын башкаруунун базалык принциптерин караган Суу кодекси кабыл алынып, бүгүнкү күндө иштөөдө. 2022-жылы бизге президенттик администрациядан протоколдук тапшырма берилген. Бул боюнча Айыл чарба министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлгөн, ага биздин адистер мүчө. Учурда Суу кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Биз да сунуштарыбызды бердик. Анда сууну пайдаланууга уруксат берүү системасын киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
— Суу ресурстарына эмнелер кирет?
— Гидросферанын бардык суулары, башкача айтканда, дарыялар, көлдөр, канал, суу сактагычтардын суусу, жер астындагы суулар жана мөңгү суулары кирет. Кыргызстанда 3500 дайра, 1923 көл бар. Жер үстүндөгү суу ресурстарынын орточо көлөмү 48,7 чакырым кубду түзөт. Дарыя агымынын 20-25 пайызы негизинен сугатка пайдаланылат. Калганы коңшу мамлекеттердин аймагына кетет. Республикада суунун 90 пайызы дыйканчылыкка, үч пайызга жакыны өндүрүшкө, үч пайыздан азы ичүүгө жана дагы үч пайызы айылды суу менен камсыздоого сарпталат.
Баткен облусундагы мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Кыргызстанда өзүн-өзү камсыздоого жеткидей мунай кору бар. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0