Соң-Көлдө бетеге азайып, уулуу чөптөр көбөйүүдө. Адистин маеги

© Sputnik / Геннадий ЗакировСоң-Көл. Архив
Соң-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк глобалдык алкакта да экология негизги маселеге айланып отурат. Өлкөнүн фаунасы менен флорасынын абалы ар бирибизге кызык. Бул тармакта да өзгөрүүлөр, көйгөйлөр жок эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун флора лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Мыскалай Ганыбаева мейманда болду. Биз өлкөдөгү жапайы өсүмдүктөр жаатындагы маселелер тууралуу кеп курдук.
© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын Биология институтунун флора лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Мыскалай Ганыбаева
Кандидат биологических наук, ведущий научный сотрудник Национальной академии наук Мыскалай Ганыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун флора лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Мыскалай Ганыбаева
— Бүгүнкү күндөгү климаттык өзгөрүүлөрдү эске алганда биздин табиятта кандай өзгөчөлүктөр байкалууда? Илимий иштер жасалып жатабы?
— Жапайы өсүмдүктөрдү жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөргө киргизебиз. Кыргызстанда алардын 4000ге жакын түрү кездешет. Булар да урууга, тукумга жана класстерге бөлүнөт. Алардын ичинен 83ү Кызыл китепке кирген. Ошондой эле илимий жактан дары-дармек өсүмдүктөрүнүн 200гө жакын түрү колдонулат. Биз айрым жапайы уулуу өсүмдүктөрдөн маданий өсүмдүктөрдү чыгарганбыз. Элибиз табигый эмчиликке жакын болгондуктан өсүмдүктүн 600 түрү турмушта дарычылыкка пайдаланат. Тоют өсүмдүктөрүнүн түрү да 600гө жетет. Уулуу өсүмдүктөр менен тоют өсүмдүктөрү катар өскөндүктөн мал ууланып калганда кайсы чөптөн экени айырмаланбай калат. Өсүү процесси убагында тамырына, сабагына, май, белок же уулуу заттар өңдүү керектүү азыктарды топтойт. Байчечекей уулуу өсүмдүккө киргени менен жаныбарларга пайдалуу жагы да бар. Жаратылыш өзү ветеринар. Мал-жандыктын организминдеги айрым мите курттарды ошол чөптөрдүн чаңчаларындагы алкалоиддер жок кыла алат.
Жапайы өсүмдүктөрдүн уругу топуракта көп жыл сакталат, маданий өсүмдүктөрдөн айырмасы ушунда. Ошол эле алабатаны алсак, бир уруктан 700 миң түп өсүп чыгып, ал 35 жыл сакталат. Ата-бабаларыбыз малды жайганда жайлоо, кыштоо, жаздоо, күздөө деп өсүмдүктөргө карап бөлгөн. Кээ бирлери эрте жазда гүлдөйт. Урук менен гана көбөйгөн бир жылдык өсүмдүктөрдү эфемерлер деп атайбыз. Былтыр жазда бүт талааны кызгалдак басып, гүл үчүн түшүмдүү жыл болгон. Ал эми быйыл жок. Кызгалдак эки жумадан бир айга чейин гүлдөйт да, уругун таштайт. Уругу көп жыл бою топуракта сакталып кала берет. Уулуу чөптөрдү кийин чөп менен кошо оруп алганда тоютка кете берет, зыяны жок. Анткени бардык уулуу заттар учуп кетет. Бирок жашыл кезинде айрымдарынан мал ууланып калат. Ал эле эмес, адамдарга да жыттаганда таасирин берет. Диктанус чөбү мал үчүн уулуу болгону менен элдик медицинада бөйрөк ооруга пайдаланып жүрүшөт.
1943-жылы Илимдер академиясында Ботаника институту түптөлүп, Орто Азияда эң биринчи жолу "Кыргызстандын флорасы" 11 томдугу түзүлгөн. Убакыттын өтүшү менен окумуштуулар аны дагы изилдеп жатабыз. 2014-жылы биология илимдеринин доктору Георгий Лазьков жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн кадастрын чыгарды. Биздин институтта 500 миң гербарийдин үлгүсү сакталып турат. Бул жагынан Тажикстандан кийинки эле орундабыз. 2002-жылы илимий иш жазганда ал гербарийлерди сегиз айда карап бүткөм. Алар — өлкө аймагынан 1895-жылдан бери жыйналган өсүмдүктөр. Буга кирбей калгандары да бар. Аларды макала катары жаңылык кылып журналга киргизебиз. Макала жазардан мурда коңшу өлкөлөрдү да карайбыз. Аларда жок болсо гана жаңы өсүмдүк катары жазылат. Ушундай жол менен 165ин толуктадык. Изилдөөлөр дагы деле уланып жатат. Быйыл Кадамжайдан кичинекей сары байчечекейди алып келип текшерсем Борбордук Азияда жаңылык болду.
Баткен облусундагы мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Кыргызстанда өзүн-өзү камсыздоого жеткидей мунай кору бар. Маек
— Гербарийлер узак убакытка сакталат эмеспи. Айрым өсүмдүктөр жоголуп кетсе, ошол урук аркылуу көбөйтсө болобу?
— Буга чейин эл аралык ири долбоорлордун алкагында Георгий Лазьков өсүмдүктөрдүн уруктарын лабораторияда сактап койгон. Стандарт үчүн ар бир өсүмдүк органдары менен толук сакталып турат. Ар биринин дүйнөлүк номери (коду) бар. Мисалы, эндик 7073 номер менен сакталат. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр кызыл лента менен белгиленет.
Өсүмдүктөр да анатомиялык түзүлүшү боюнча өзгөчөлөнөт. Мөмө бактар менен жерде өскөн чөптөрдүн айырмасы бар да. Ар он жылда Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү изилдеп турабыз. Алардын ичинде башка эч бир өлкөдө жоктору да бар. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кореянын башын бириктирген ири долбоордо Тянь-Шань тоолору боюнча бизде 523 эндем өсүмдүгү (Кыргызстанда эле кездешкен өсүмдүктөр — Ганыбаева) аныкталды. Мурда китеп боюнча 372 эндем өсүмдүк бар деп келгенбиз. Ал эми Памир-Алай тоолору карала элек. Тянь-Шань тоолору боюнча эндем чөптөрүнүн санынан биринчи орунда турабыз.
— Акыркы кезде климат өзгөрүп, жайыттар да деградацияга учурап такырга айланып бара жатканын көрүүгө болот. Флора жаатында кандай көйгөйлүү маселе бар?
— Буга чейин жапайы өсүмдүктөрдөн маданийлерин чыгарганбыз. Акыркы кезде тоют чөптөрү азайып, анын ордун отоо чөптөрү басып кеткенин көп байкап жатабыз. Соң-Көлдү изилдеп көргөндө жалаң уулуу чөптөр гана калганын көрдүм. Бетегелер деле бар экен, бирок аз. Бизден башка ветеринарлар да барган. Алар уулуу өсүмдүктөр менен ууланып калган козуларды изилдеди. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Жакында эле Сары-Челекте буниас деген башка мамлекеттен келген уулуу чөп табылды. Бул отоо чөп катары кадастрга кирди. 2021-жылы Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын талааларынан бизге тааныш эмес сары узун гүлдөрдү көрдүм. Сүрөткө тартып келип көргөзсөм, көрсө, Сары-Челектеги буньес ушу экен. Мал-жандык сатып келгенде чет өлкөдөн чөптүн уруктары кошо келип көбөйүп жатат. Мунун жаман жери — тоют өсүмдүктөрүн жок кылууда. Мал көбөйгөн сайын бетеге өскөн жерди такыр кылып салып жатат. Такыр жерлердеги топурак куюн менен өйдө көтөрүлгөн сайын көлдөр соолуйт. Климат аябай өзгөрүп кетти дебейм. Бирок жазында тез эле ысып, кайра суук болгон учурда мөңгүлөр тез эрип кетип жатат. Ал өсүмдүктөргө аз-аздан таасир бериши мүмкүн.
Кадамжайда 1960-жылы колхоз бадам тиктирген экен. Алар куурай баштаптыр. Ошол эле учурда жапайысы сакталып турат. Бул жаратылыш кандайдыр бир жол менен өзүн-өзү коргоп турарын көрсөтүүдө. Бирок кам көрүү керек. Кызыл китептеги роза гүлдүүлөр классындагы сурбария ольгая өсүмдүгү гана жоголуп кетти. Бул Өзбекстан менен чектеш жерде болчу. Өзбектер да таппай койду. Калган өсүмдүктөр бар.
© Sputnik / Асылбек БактыбековМыскалай Ганыбаева: Илимий иштерге жаштар кызыкканы менен айлык маселесине келгенде артын карабай качышат. Илимий кызматкерлердин маянасы өтө аз. 30 жылдык эмгек стажым менен илимдин кандидаты катары мен араң 15 миң сом маяна алам.
Кандидат биологических наук, ведущий научный сотрудник Национальной академии наук Мыскалай Ганыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Мыскалай Ганыбаева: Илимий иштерге жаштар кызыкканы менен айлык маселесине келгенде артын карабай качышат. Илимий кызматкерлердин маянасы өтө аз. 30 жылдык эмгек стажым менен илимдин кандидаты катары мен араң 15 миң сом маяна алам.
— Кайсы уулуу чөптөр көбөйүп жатат?
— Жаныбарлар негизи тоюттан уулуу чөптү ажырата билет. Уулуу чөптөрдү уруктаганга чейин отоп салуу керек. Көлдө марал кулак деген өсүмдүктөн мал көп ууланат. Азыркы учурда уулуу ирис гүлдөрү көбөйүп жатат. Ошол эле кара куурайдын уругу менен тамыры уулуу. Сары мыя да көбөйдү.
— Активдүү илимий иштер жүрүп жатабы? Жаштардын кызыгуусу барбы?
— Илимий иштерге жаштар кызыкканы менен айлык маселесине келгенде артын карабай качышат. Илимий кызматкерлердин маянасы өтө аз. 30 жылдык эмгек стажым менен илимдин кандидаты катары мен араң 15 миң сом маяна алам. Ал эми жаңы келген кызматкерлер 5-6 миң сомго иштегиси келбейт. Финансы маселеси тагдырды чечип коёт. Бирок окуу жайлардан практикага келгендер аябай кызыгышат. Анткени өсүмдүктөрдүн бардык түрү тамыры, сабагы менен сакталып, алар тууралуу толук маалымат бар.
Афган чымчыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Афган чымчыгы таранчы, торгой, чабалекейлерди жок кылды. Экологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0