Футбол: Бишкекте өтө турган оюндарга билеттерди кайдан алса болот? Даректер

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол күйөрмандары. Архив
Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Беттештер ушул ишемби жана келерки жуманын шейшемби күндөрү болот.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Бишкекте өтүүчү оюндарына билеттерди кайдан сатып алса болорун Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.
Кыргызстандын футболчулары 10-июнда Афганстандын, 16-июнда Ирандын курама командалары менен беттешет. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталмакчы.
КФС Бишкекте өтө турган оюндарга билеттер 8-июнга чейин 30 пайыз арзандатуу менен сатылып жатканын маалымдады.
Стадиондун чыгыш жана түштүк трибуналарындагы орундар 560 сомдон, ал эми түндүк трибунасындагы орундар 750 сомдон сатылууда.
Билеттерди ticket.kg сайтынан, Dordoi Plaza соода борборунан саат 10:00дөн 21:00гө чейин жана Bishkek Park (М1 кабаты) соода борборунан саат 10:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.
CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт. А тайпасынын беттештери Ташкент шаарында, В тайпасынын беттештери Бишкекте өтөт.
А тайпасынын расписаниеси (Ташкент):
Өзбекстан — Оман, Тажикстан — Түркмөнстан, 11-июнь;
Оман — Тажикстан, Түркмөнстан — Өзбекстан, 14-июнь;
Өзбекстан — Тажикстан, Түркмөнстан — Оман, 17-июнь.
В тайпасынын расписаниеси:
Кыргызстан — Афганстан, 10-июнь;
Иран — Афганстан, 13-июнь;
Кыргызстан — Иран, 16-июнь.
Тайпада командалар өз ара бирден беттешип, жеңүүчүлөр 20-июнда Ташкентте финалга чыгышат. Топтордо экинчи орунду ээлегендер ошол эле күнү коло медаль үчүн ат салышат.
Омандан чакырылган командадан башка бардык командалар CAFA мүчөлөрү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
Жаңылыктар түрмөгү
0