Москвада мекендештерин барымтага алып акча опузалаган 6 кыргызстандык кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРМосквада мекендештерин барымтага алып акча опузалаган 6 кыргызстандык кармалды
Москвада мекендештерин барымтага алып акча опузалаган 6 кыргызстандык кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Алар батирлердин бирине эки жаранды кармап, ур-токмокко алып тапанчага окшош буюм менен коркутушкан.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Москвада мекендештерин барымтага алып, туугандарынан ири суммада акча талап кылып жүргөн деп алты кыргызстандык кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 23-майда Россия ИИМинин Москва шаарындагы Новогиреево райондук полициясына 37 жаштагы кыргызстандык кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип акча талап кылып жатканын билдирген. Барымтада жаткан 25 жаштагы А. уулу Н. жакындарынан 150 миң рубль которууну суранган.
"Жергиликтүү полиция КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уурдалган жаранды Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен тапты. Ал жерде кылмышкерлер Кыргызстандын дагы бир 23 жаштагы Н.Д. аттуу жаранын кармап турганы аныкталган. Андан 300 миң рубль талап кылышкан. Экөөнү тең сабап, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыш ишине, тагыраагы, адам уурдоо, акча опузалоо жана карыздарды өндүрүү менен алектенип жүргөн деген шек менен Ысык-Көл жана Нарын облусунун 28 жаштагы Т. уулу А., 27 жаштагы И.А., 26 жаштагы М. уулу Э., 24 жаштагы Ж. Р., 23 жаштагы А. Б., 22 жаштагы Б. уулу А. аттуу тургундары болуп чыкты.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылганы айтылды. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-майында ошол эле батирге 40 жаштагы Ж.А. атуу мекендешин күчкө салып кармап келип, 1 миллион рубль талап кылышкан.
Аталган фактылар боюнча Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча бөлүмү тарабынан РФ Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү ("Эркинен мыйзамсыз ажыратуу"), 163-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") жана 126-беренесинин 2-бөлүмү ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга да катыштыгы текшерилүүдө, учурда тергөө иштери уланып жатат.
Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, анын жетекчиси делген Даниэл Ажиев кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
УКМК Даниэл Ажиевди кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0