Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн ынанымдуу куралы. Мүнөздөмө

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Калашников" компаниянын ППК-20 тапанча-пулемету. Архив
Калашников компаниянын ППК-20 тапанча-пулемету. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Украинадагы атайын аскердик операция Россиянын Куралдуу күчтөрүн заманбапташтырууну ылдамдатууда. РФтин учак паркы, ракета-бомбалык куралдануусу жана Аба-космостук күчтөрүнүн ички курамынын куралдары жаңыртылып, жакшыртылууда.
"Калашников" компаниялар тобунун башкы конструктору Сергей Уржумцев РФ Аба-космостук күчтөрүнө жаңы ППК-20 тапанча-пулеметунун бортто ташылуучу запасты толуктоо үчүн берилгенин маалымдады. Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко бул бирдик 1951-жылкы Стечкин автоматтык тапанчасынын ордуна берилгенин белгилейт.
Аскердик күчтөрдү ППК-20 менен сериялык жабдуу февралда эле старт алып, тапанча-пулемет Украинадагы атайын операция зонасында эбак колдонула баштаган. Мындан бир аз мурдараак Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Сергей Дронов учкучтар тобунун корун жалпы жакшыртуу, курал, радиобайланыш, медициналык жана азык-түлүк топторун сапаттуу жакшыртуудан кеп салган эле. Аскердик учкучтун "авариялык" куралы чакан болуп, ынанымдуулугу жана ок күчү боюнча кескин талаптарга төп келиши шарт. Чукул кырдаалда сактануучу 15 кг салмактагы топтом катапульттук орундукка жайгаштырылат. Атайын ящикке радиомаяк, үйлөмө кайык, керектүү шаймандар, азык-түлүк жана өзүн-өзү коргоо үчүн куралдар кат-кат тизилген.
"Калашников" ишканаларынын тобу ППК-20 пистолет-пулеметун "Витязь-СН" атайын куралынын негизинде иштеп чыккан. Өндүрүшчү ишкана жаңы курал заманбап АК-12нин ынанымдуулук жана эргономикасынын дал өзү. Чындап эле ППК-20 кундагы менен кошо ченегенде 660 миллиметрден ашпайт, ал эми бүктөлгөндө – 475 мм. Тапанча-пулеметтун салмагы – 2,7 кг. Түтүгүнүн узундугу – 181 мм. Буга 9х19 мм өлчөмдөгү 30 патрон салынат. 3А коргоо классындагы ок өткөрбөс күрмө кийген душманды да жакын аралыктан колдонулган 7Н21 патрондору соо калтырбайт. Атылган октун баштапкы ылдамдыгы секундасына 470 метрдин тегерегинде. ППК-20 бирдиги 200 метр аралыктан мээлеп, мүнөтүнө 800 жолу автоматтык ок ата алат. Ынанымдуулукту бош затворлуу жөнөкөй автоматикасы камсыз кылат.
F-16 истребителдери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага берилчү F-16 учактары: буюкканга жылдыз — от
"Калашниковдун" президенти Алан Лушников ППК-20ны "20 жыл аралыгында эч бир бирдикти алдына салдырбаган пистолет-пулемет болорун" боолголойт. Мындай баалоо да негиздүү. Иш жүзүндө сыналган "Витязь-СН" бирдигинен жаңы ППК-20 өлчөмү, салмагы ("Витяздын" (кундагы менен бирге) узундугу – 705 мм, патронсуз салмагы – 2,9 кг), дабышсыз, учкунсуз ок атуучу, тез чыгарылуучу жабдыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бышык полимерден жасалган бүктөлүүчү телескоптук кундагы, эргономикалык пистолеттик туткасы, жаңыртылган ок атуу режимдерин которуу механизми менен кескин айырмаланат.
Негизги ок өткөрбөстү да тешип өтчү 7Н21 патрондорунан тышкары ППК-20нын магазинине россиялык жана чет өлкөлүк 9х19 өлчөмүндөгү башка патрондордун көпчүлүгү түшөт. Мурдагы Стечкиндин 20 заряддык автоматтык тапанчасы (АПС) кандай ынанымдуу, конструкциясы, ок күчү укмуш болгон күндө да октун баштапкы ылдамдыгы секундасына 340 метрди түзүп, 30 заряддык ППК-20га (секундасына 470 метр) жете албайт. "Ардагер" өндүрүштөн 1959-жылы алып салынгандыктан 30 миң чакты АПС узакка кызмат өтөй албай турганы анык.
ППК-20 тапанча-пулемету биринчи ирет "Армия-2021" форумунда коомчулукка көрсөтүлгөн. Кийин ППК-20 мамлекеттик сыноолордон ийгиликтүү өтүп, РФтин бардык күч органдарынын бул класстагы куралдарга коюлган учурдун талаптарына шайкеш экенин тастыктаган. Өндүрүшчүнүн аброю да көп нерседен кабар берет. "Калашников" ишканалар тобу – россиялык ок атуу тармагынын көч башында, Россиянын ушул түрдөгү куралдарынын 95 пайызын чыгарат.
"Калашников" ишканалар тобу атайын багыттагы бөлүктөр үчүн учуучу аппараттарды, ыкчам транспорттук-десанттык жана чабуулдук катерлерди өндүрөт. "Калашниковдун" өндүрүмдөрүн дүйнөнүн 27ден ашуун өлкөсү сатып алат. Мурдараак америкалык адистештирилген National Interest басылмасы да россиялык жаңы ППК-20 тапанча-пулеметунун экспорттук келечеги жакшы болорун белгилеген эле.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШнын учкучсуз учуучу аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусь менен Россия НАТОнун дрондорун жок кылуучу "гиперболоид" чыгарат
Жаңылыктар түрмөгү
0