Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинага берилчү F-16 учактары: буюкканга жылдыз — от

© AFP / PETRAS MALUKASF-16 истребителдери. Архив
F-16 истребителдери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Киевдик режимге убада кылынган F-16 истребителдери Украинаны дагы жоготууларга, Европаны мурдагыдан да терең экономикалык жана геосаясий деградацияга, ал эми Американы Россия менен түз, иш жүзүндө өзөктүк жаңжалды "чоң тобокелдиктерге" кептейт.
АКШнын президенттик администрациясы 19-майда Украина Куралдуу күчтөрүн төртүнчү муундагы америкалык F-16 истребителдери менен камсыздоого европалык союздаштарына уруксат берген. Ошону менен бирге эле украиналык учкучтарды окутуу жаатындагы биргелешкен аракеттер уланарын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Андай биргелешкен аракеттер Улуу Британия, Нидерланд, Бельгия, Данияны (тизме толук эмес) да камтыйт. Кошмо Штаттар жана алардын өнөктөштөрү Европада Украина Куралдуу күчтөрүнүн учкучтарын аталган истребителди айдоого окутуу программасын баштады. Ага катар эле инженердик жана ремонттоочу бригадаларды даярдоо да старт алат.
Европалык өлкөлөрдүн кысымына карабастан Ак үй жана Пентагон былтыр июль айынан тарта Киевди F-16 учактары менен жабдуудан баш тартып келишкен. Анткени андай жардам максатсыз, кооптуу деп эсептешкен. F-16 истребителдерин айдоого үйрөтүү үч жылдан алты жылга чейинки убакытты алат. Учак менен камсыздоо 11 млрд. долларды чапчышы ыктымал эле. Эски F-16лар 24 айга 2 млрд. долларга берилмек, бирок анда Россия – НАТО түз жаңжалы тутанып кетүү тобокелдиги чоң.
Украинага төртүнчү муундагы америкалык F-16 истребителинин келиши жаңжалды кызытары бышык. Ошондой эле АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн министри Фрэнк Кендаллдын пикиринде истребитель "оюн эрежелерин өзгөртпөйт". Атайын аскердик операция зонасында Россиянын сокку уруучу авиациясы жана аба чабуулунан коргоочу тутуму күчү, саны, сапаты, тактикалык жана технологиялык жактан үстөмдүк кылат. АКШ менен НАТОнун андай артыкчылыкты өзүнө ыйгаруу аракетинен майнап чыкпайт.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, операция башталгандан бери Украина Куралдуу күчтөрүнүн 428 аскердик учагы, 235 тик учагы, демек, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн 2022-жылдын 24-февралындагы үлгүдөгү бир нече курамы жок кылынган. Ал эми Пентагон Украина Куралдуу күчтөрү болгону 60 учагынан кол жууганын айтат, анткен менен иш жүзүндө украиналык Аскер-аба күчтөрүнүн талкаланганын эч ким танбайт.
Украинанын аба чабуулунан коргоочу жер бетиндеги каражаттарынын кескин азайышы, аларды калыптандырууга Батыштын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени, согуштук аракеттер театрында россиялык авиациянын таасиринин күчөшү Вашингтонду ушундай кооптуу кадамга түрттү.
Америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Киевде Patriot кантип талкаланып, америкалык миф кандайча жокко чыкты? Сереп
Киевди F-16 истребителдери менен жабдуу аргасыз аракет, россиялык атайын аскердик операция зонасында баары бир америкалык истребителдин аброю биротоло түшөрү турулуу. Military Watch басылмасы F-16нын жогорку класстагы Су-30СМ, Су-35, МиГ-31 жана Су-57 оор истребителдери менен тиреште анчейин күчтүү болбостугун боолголойт. Чындыгында эле америкалык ардагер F-16 аскердик мүнөздөмөлөрү боюнча украиналык согуштук аракеттер театрында жигердүү жана майнаптуулугун көрсөтүп жаткан россиялык истребителдерден бир топ артта.
Кыязы "Украина Куралдуу күчтөрү үчүн F-16" долбоорунда Вашингтон истребителин россиялык территориянын түпкүрүндө көрүүнү көздөп тургандыр. АКШ өндүрүшүндөгү ракеталык-бомбалык куралга анчейин үмүт артышпайт. Украиналык МиГ-29, Су-27 жана Су-2 аянтчаларына мурда айкалыштырылган америкалык төрт JDAM, радарлардан коргонуучу AGM-88 HARM, "аба – аба" тибиндеги 180 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу AIM-120 AMRAAM ракеталарын россиялык "аба – аба" классындагы, 400 чакырымга чейинки аралыкка ылайык Р-37М гиперүндүү ракеталарына таптакыр караандай алышпайт. Аларга туруштук да бере алышпаса керек.
"Аба – жер бети" тибиндеги британиялык Storm Shadow канаттуу ракеталарынын "күчүн" мындан билиңиз, аба чабуулунан коргоочу россиялык каражаттар күнүнө алардан жетиден бирдикти атып түшүрүүдө.
С-400 "Триумф" системасы 600 чакырым аралыктан буталарын аныктап, 250 чакырымдык чектеп, 10 метрден 27 чакырымга чейинки бийиктиктен жок кылат. Толук жабдуусу менен технологиялык жактан эскирип калган F-16 украиналык согуштук аракеттер театрында күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүп жибербейт. Дагы бир маселе – Украина Куралдуу күчтөрүнүн авиабазаларында F-16лардын тейлөөгө шарттын жоктугу. Истребителдердин чектешкен Польша менен Румыниянын территориясынан учуп жана конушу – Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышынын күмөндүү варианты. Анан да киевдик режимге истребителдер тактикалык өзөктүк куралдан "өзүн коргоо" үчүн берилет деген да укмуштай сценарий экенин белгилеп коёлу. F-16 истребители – НАТОнун европалык арсеналында сакталып турган америкалык термо-өзөктүк B-61 авиабомбаларынын штаттык ташуучусу.
Кандай болгон учурда да Россия коркунучтарга жараша ыкчам чара көрмөкчү. АКШнын чектен чыккан украиналык ленд-лизи бүтүндөй Европа менен Түндүк Америка үчүн алаамат менен аяктап калбагай эле.
Politico басылмасы Украина үчүн өз учактарын курмандыкка чалууга азырынча эч бир өлкө даяр эмес. Бирок Кошмо Штаттар Грецияны Украина Куралдуу күчтөрүнө 1970-жылдын ортосунда чыгарылган Block-30 модификациясындагы F-16дан 32 бирдикти берүүгө мажбурлады. Бельгия, Дания, Нидерланды да ыктыярдуу-мажбурлоо менен Киевге жыйырма-отуз чакты F-16 жөнөтүшмөкчү.
Азырынча украиналык учкучтар бул ишти колго ала албагандыктан F-16 штурвалына натолук "контрактчылар" отуруп калары ажеп эмес. Украиналык мыйзамдар да аскерге чет өлкөлүктөрдү алууга жол берет. Кандай болсо да горизонтто америкалык истребителдердин пайда болушу россиялык аскердик операциянын максат жана милдеттерине таасир этпейт. Украинадагы жаңжалды Вашингтондун узартышы бүтүндөй Европа менен АКШнын өзүн опурталдуу абалга батырат. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Украинага F-16 истребителин жөнөтүп жаткан батыш мамлекеттерине "чоң тобокелдиктер" тууралуу эскертти...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Артемовскинин эң бийик жеринде Вагнер жоокерлери желеги менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовскинин бошотулушу — РФтин стратегиялык жеңиши. Эми кадам кандай ташталат
Жаңылыктар түрмөгү
0