Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Беларусь менен Россия НАТОнун дрондорун жок кылуучу "гиперболоид" чыгарат

© Фото / U.S. Air Force / Tech. Sgt. Efren LopezАКШнын учкучсуз учуучу аппараты. Архив
АКШнын учкучсуз учуучу аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Жазылуу
Украинада жана планетанын кан күйгөн башка жерлеринде учкучсуз аппараттардын активдүү колдонулушу дрондорду болушунча ыраак аралыктан жок кылуучу лазердик комплекстердин өнүгүшүн тездетерин белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Беларусь менен Россия ушул жогорку технологиялык багытта алдыда экени айныгыс. Күчтүү аскердик лазер жасоо жаатында Минскидеги "Экология, медицина жана технологиядагы лазер" (ЛЭМТ) илимий-техникалык борбору жана москвалык аты аталбаган эки илим-изилдөө институтунун адистери биргеликте иш алып барат. Алар ондогон чакырым аралыктан жок кылууга ылайыкталган 100 вВт кубаттуулуктагы лазерди чыгарууга мындан эки жыл мурун белсенишип, быйыл анын жумушчу прототибин көрсөтүшмөкчү.
Программанын аткарылышы кыйла реалдуу. Беларустагы "ЛЭМТ" ишканасынын адистеринин бул тармакта тажрыйбасы бар, алар мурда 30 кВт кубаттуулуктагы лазерди жасашкан. Ошол иштелмелер Жакынкы Чыгыштагы согуштук кырдаалда сыноодон ийгиликтүү өткөн.
Мобилдик жана стационардык модификациялардагы система душмандын дрондорун 1500 метрге чейинки аралыктан байкап, аныктап, коштоп барып жок кылат. Россиялык жаңы муундагы "Задира" сериялык комплекси беш секундада касташкан тараптын 5000 метр ыраактагы учкучсузун беш секундда кыйратып коё алат. Бул былтыр көктөмдө эле украиналык согуштук аракеттер театрында тастыкталган.
РФ Коргоо министрлиги "Задира-16" комплексин "жаңы физикалык принциптерде" иштеп чыгууга алты жыл мурун буйрутма берген. 2017-жылы кабыл алынган россиялык "Пересвет" лазердик комплекси 2018-жылдын 1-декабрынан тарта аскердик күзөттө. Ал жер үстүнөн 1500 чакырым бийиктеги душмандын спутниктик тутумдарын лазердин нуру менен иштен чыгарып коё алат. Албетте, "Пересвет" чалгындоочулардын учактарынын аппаратурасын жана атмосферада дрондорду жок кылууга мүмкүндүк берет.
Аба чабуулунан жана ракетага каршы коргонуу тутумунун майнаптуу элементи катары "Пересвет" 2020-жылдын жазында Сирияда сыналган. Лазердик импульс менен нурланган америкалык "Томагавктар" бутасын көрө албай, өздөрү кыйрап калган. Аталган аппаратты андан ары жакшыртуу аракеттери көлөмүн кичирейтип, кубаттуулугун арттырууга жумшалган. Аскердик лазердик комплекстин авиациялык жана деңиз ташуучулар менен айкалышы көптү үмүттөндүрөт. Учуучу аппараттарды таамай жок кылуу үчүн аскердик лазердин кубаттуулугу жумушчу аралык, ылдамдык жана чабуул коюлган объектинин өзгөчөлүктөрүнө төп келиши шарт.
Россиялык лазердик куралдын мүмкүнчүлүктөрү кеңири, улам чакан, мобилдүү жана күчтүү болушу үчүн талбай өнүгүп келет. Бул үчүн илимий-технологиялык база бар. Жаңы комплекстерди долбоорлоодо өткөн он жылдыктардын сынамык тажрыйбалары да эске алынган.
F-16 истребителдери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага берилчү F-16 учактары: буюкканга жылдыз — от
Россиялык илимий жана долбоордук уюмдар аскердик лазер боюнча жарым кылымдан, тагыраагы, "Терра" шифри менен ракетага каршы программа башталган 1964-жылдан тарта ашуун мезгилден бери алектенишет. Кийинчерээк 1970-жылы "Скиф-Д" орбиталык станциясына жайгаштыруу үчүн аскердик лазер иштелип чыккан. 1987-жылы жер орбитасына газ-динамикалык лазерлүү сынамык 77 тонналык "Скиф-ДМ" платформасын чыгарышканы белгилүү. Болжол менен ошол эле убакта бортунда А-60 "Сокол-Эшелон" лазери бар Ил-76 аскердик-транспорттук учактары курулган. 2009-жылы А-60 комплекси жерден 1500 чакырымдык бийиктиктен шарттуу бутасын жок кылганы маалым.
Соңку жылдары жаңы табылгалардан "Пересвет" менен "Задира" гана кеңири коомчулукка чыгарылган. Ар кыл аралык жана кубаттуулуктагы россиялык лазердик комплектер алда канча көп болушу мүмкүн.
РФ президенти Владимир Путин 2018-жылы жазында лазердик куралдын өзгөчө маанисин баса белгилеген. "Мындай аскердик комплекстерге ээ болуу Россиянын өз коопсуздугун коргоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет", — деген ал. АКШ администрациясы 2018-жылдын күзүндө Россиянын космостогу "адаттан тыш активдүүлүгүнөн" улам чочулап, орбитага аскердик лазерлерди жайгаштырып жатат деп шекшинген. Душмандын космостук аппараттарын лазердик нур менен эмес, орбитадагы жанкечти спутниктер менен жок кылуу технологиялык жактан майнаптуу жана жеңилирээк. Андай аракет 1968-жылдын 1-ноябрында жасалган, бирок бул бөлөк сөз.
Аскердик багыттагы россиялык орбиталык лазер, "спутник-инспекторлор" жамааттык Батышты бушайманга салат, анткен менен алар Москва тарабынан расмий тастыктала элек. Россия менен Беларустан тышкары, айрым өлкөлөр 100 вВт чейинки кубаттуулуктагы аскердик лазердик системаларды чыгарышат. Бул жаатта Израиль, Япония менен Кытайдын адистери алдыда.
Кошмо Штаттар менен НАТОнун күчтүү кубаттуулуктагы лазердик комплекстери жок. Аба чабуулунан коргоочу 50 кВт кубаттуулуктагы аралыкка ылайык Stryker америкалык эң күчтүү лазердик комплекси алигүнчө сынамык үлгү бойдон калууда.
Америкалык адистер ондогон жылдар бою аскердик лазердик деңиз жана аба долбоорлору жаатында убара тартышат. Анткен менен андай сериялык өндүрүш үчүн тийиштүү кубаттуулук жана ыраактыкка жете албай келишет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсүндөгү учкучсуз аппараттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Минскидеги MILEX-2023 көргөзмөсү: учкучсуздардын артыкчылыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0