Бишкекте Кореянын ыктыярчы дарыгерлери элди акысыз текшерет

© Фото / Pexels/ Tima MiroshnichenkoБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктар ар кандай профилдеги 90го жакын дарыгердин текшерүүсүнөн өтсө болот.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар быйылкы жылдын 16-19-июль аралыгында кореялык ыктыярчы дарыгерлердин акысыз медициналык текшерүүсүнөн өтсө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореянын "СеулАсан" кайрымдуулук фондунун дарыгерлери операция жана текшерүүгө керектүү жабдуулар менен дары-дармектерди Бишкекке өздөрү менен кошо ала келет.
"Ар кандай профилдеги 90го жакын волонтер дарыгерлер: хирургдар, кардиологдор, стоматологдор, ЛОР, окулисттер, аллергологдор, пластикалык хирургдар, педиатрлар кыргызстандыктарга медициналык жардам жана консультацияларды бекер өткөрүшөт", — деп билдирди министрликтен.
Санариптик ден соолук борборунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Калыйнур Райымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Радио
Бишкекте бейтаптардын санарип амбулатордук картасы ишке кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0