Саба

Кымыз даярдалчу саба кантип жасалган?
Кыргыз эли эзелтеден малдын терисинен жасалган сабаны көчмөн турмушта кеңири пайдаланып, кымыз жасап келген. Акыркы жылдары унутулуп бара жаткан бул үй буюму тууралуу Sputnik Кыргызстан кызыктуу материал даярдады.
Кыргыз эли эзелтеден малдын терисинен жасалган сабаны көчмөн турмушта кеңири пайдаланып, кымыз жасап келген. Акыркы жылдары унутулуп бара жаткан бул үй буюму тууралуу Sputnik Кыргызстан кызыктуу материал даярдады.
Саба — уй, төө, эчкинин терисинен атайын ыкма менен жасалган идиш. Кол өнөрчүлөр жаңы союлган малдын терисинин ички бетин эт, майдан тазалап, теринин жүнүн устара менен кырат. Көлөкөгө үч күндөй жайып катуу кургатпай ийлеп баштаган. Андан соң керектүү формада бычып ышкын түп, табылгынын маңызы, чиенин бутактары менен бир айдай ыштап кургатат. Керектүү деңгээлге жеткенде анын жүнү бар жагы ичине каратылып бышык жип менен алгач жөрмөлөт, андан соң кайра эки-үч күн ышталып, жөрмөлгөн жерлердин үстүнө кездеме же жылкынын 50-70 тал кылы жаткырылып, кайра бекем тигилет. Кыл сабаны бышык кылат жана ага кошумча көрк берет. Бир саба жасоого үч айга чейин убакыт сарпталат.
Ал эми серкенин териси сабага ылайыкталып сыйрылып, атайылап бычылбайт, тигилбейт. Тери устара же бычак менен кырылып, баканда кургагандан кийин кол менен жумшартып бир жумадай ийлеп, бир нече жолу ышташат. Андан соң теринин алдыңкы эки колу менен мойнун жылкынын жал-куйругунан кыл кесип келип байлап, арткы эки буту жип менен керегеге байланып илинет.

Кыргыздар сабаны кара күрөң түскө келгенге чейин узак убакыт карагайдын тобурчагы, төө таманды түтөтүп ыштап, соңунда ичин каймак, сары май менен майлап, бээнин сүтүн куюп кымыз жасаган. Баса, сабаны бир жарым, эки айда бир ыштап туруу зарыл. Антпесе ал буюм өз сапатын, формасын жогото баштайт.
Сабанын таманы менен ортолугу кенен, жайык болуп, ооз жагы кууш болот. Кыргыз элинин боз үйүндө саба көбүнчө керегеге таңылып турган. Анын чоңдоруна 50 литрге чейин суюктук сыйган.

сабанын түбүнүн узуну 70-170 сантиметр;

кууш тарткан оозунун эни 15-20 см;

эки эндүү, эки энсиз жагынан кошулган жеринин жогорку бийиктиги 80-100 сантиметр.
Сабадагы бээнин сүтү арча, четин, кайың, талдан жасалган бишкек менен бышылган. Ал жыгачтын узундугу 80-90 сантиметр, диаметри 13-15 сантиметр болуп, башына эки тактай урулган. Сабадан сүт чачырабаш үчүн териден капкак же чүпүрөк жабылган. Сабага куюлган суюктуктун даамы, түсү, сапаты бузулбайт, тескерисинче, жакшырган.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Бешик жана анын тарыхы
Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
кол өнөрчү, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Бүкадича Орозалиеванын маалыматтары, Амантур Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китеби, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0