Ийик

Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө ийик кеңири пайдаланылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги таберикке айланып бараткан буюм тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө ийик кеңири пайдаланылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги таберикке айланып бараткан буюм тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген. Ошондой эле төө, топоз, койдун жүнүнөн, эчкинин тыбытынан ийрилген жүндөн кийим-кече даярдалган.
Ийик сабы, башы, буйладан турат. Ийиктин сабынын узундугу 30-35 сантиметр, жоондугу 7-10 миллиметр болуп, катуу жыгачтан (табылгыдан) жасалат. Башы таш, жыгач, мүйүздөн көзөлүп же коргошундан куюлуп тагылат.
Ийиктин башы канчалык оор болсо, жиби ошончо бышык, катуу, калың ийрилет. Ал эми сабынын башы көзөлүп катуу чий, жыгач же темир буйласы өткөрүлүп тагылат.
Кыргыз энелери эзелтеден үйдүн босогосун жаңы аттаган келинге ийик менен бир түйдөк аппак кебез беришкен. Муну менен алар жаңы бүлө ак кебездей таза болуп, ийиктей айланып, үй-бүлөдөгү кепти сыртка чыгарбаган жар болсун деп тилек кылышкан. Ошондой эле бул жөрөлгө келин менен кайнененин таанышуусу, аны жаңы бүлөгө кабыл алуу катары эсептелген.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Бешик жана анын тарыхы
Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
Кыргыздын музыкалык аспаптары
Ата-бабаларыбыз комуз, кыл кыяк, темир комуз, чоор сыяктуу аспаптар менен көкүрөктө жаткан сезимдерин, толгонууларын билдирген мааниси терең күүлөрдү жараткан. Обон созуп, жүрөктөн чыккан ырларды дал ушул аспаптардын коштоосунда аткарышкан.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Кол өнөрчү, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Бүкадича Орозалиева, ачык булактар, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн Кыргыз этнографиясы сөздүгү

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0