Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?

Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Жаргылчак — кайрак сымал бышык таштан жасалат. Анын астыңкы ташы үстүңкүсүнө караганда оор болгон. Дан өтчү бети тартыла турган эгинге жараша жолчолору менен чегилет. Жаргылчактын туура айланышы үчүн ортосунан көзөнөк оюлуп, шимек жалгаштырылат. Ал жаргылчакты бир окто айлантып, дан ошол шимектүү көзөнөккө уучталып салынат. Ал эми жаргылчакты айлантуу үчүн үстүңкү ташка темир же жыгач тутка орнотулган.

Майдаланган азык жаргылчактын алдындагы супарага түшөт. Супара ак койдун кыркылып ашатылган терисинен даярдалган. Бышык оокатты кожойкелер далайга чейин колдонгон.

Жаргылчакта кайсы азыктар даярдалат?

Жаргылчакта кайсы азыктар даярдалат?
Жаргылчактын жардамы менен ун, талкан, шак, угут даярдалат. Ошондой эле эжигей курутту, күлазыкты да жаргылчакта тартышкан.

Арпа, буудай, жүгөрү, конок, тарууну куурубай жаргылчактан өткөргөндө ун чыгат. Ошол эле данды кууруп жаргылчактан өткөрсө талкан болот. Ошондон улам алар арпа талкан, буудай талкан, таруу талкан, жүгөрү талкан делет. Кыргыздар талкандан максым ачытып, айранга, сүткө, кымызга чалып, каймакка, сары майга көөлөп жеп келген.
Угутту өндүрүүдө буудай жылуу сууга чыланып жылуу жайга коюлуп, бир нече күндөн соң бир-эки эли болуп өнүп чыкканда кайра кургатылып жаргылчакка тартылат. Ал эми куурулбаган жүгөрү, таруунун аябай майдаланбаган түрү шак делген.
Угут менен шак эмнеге пайдаланылган?

Бозо арпа, буудай, жүгөрү, таруудан жасалат. Ал угут менен ачытылат. Угут — бозону күчүнө чыгаруучу ачыткысы. Угутту өндүрүүдө буудай жылуу сууга чыланып, жылуу жайга коюлуп, кайра кургатылып жаргылчакка тартылат. Бозо кайнатуу үчүн шак да колдонулган.

Жарма — арпа, буудай жана жүгөрү талкандан, акшактан же акталган таруу менен жасалат. Эл арасында жарма жасоонун түрлөрү абдан көп. Мисалы, ысык сууга талкан чалып, туз кошуп отко бышырып, илеби кайтканда айран, эзилген курут же сүзмө кошсо катыктуу жарма болгон. Ошондой эле сүткө акшак салып, суу кайтарып бышырса сүт жарма, сорпого жасалса сорпо жарма делген. Ал экөө тең ысык ичилет. Жарма эгиндин түрүнө карата таруу жарма, буудай жарма деп бөлүнөт. Ал эми жарманын көрөңгөгө куюлуп, азыраак ун чалынып ачытылганы ачкыл же максым делет.

Мыкчыма — жаргылчактан чыккан талкандын каймак кошулуп мыкчылганы. Аны көбүнчө кичинекей балдарга беришкен.

Атала — таруу, жүгөрү унунан даярдалган. Ага айран же май кошуп ичилген. Кээде сары майга унду кызарта кууруп максымдай кылып да жасашкан.

Күлазык — кыргыздын узакка сакталуучу тамагы. Күлазык сапарга же аскердик жүрүшкө чыгаар алдында даярдалган. Бышкан этти туурасынан жука кесип, кургатып, майда талкалап жаргылчакка тартат. Эт андан соң сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат. Эт кайнаар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген карынга салынат. Күлазык көчмөн, аскер турмушта кеңири колдонулган тамак болгон.
Бадырак — буудайдын казанга кызарта куурулган даны. Ал дагы кичинекейлердин эрмеги болгон.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Кол өнөрчү, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Бүкадича Орозалиева, ачык булактар, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн Кыргыз этнографиясы сөздүгү

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0