00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Депозит деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Айыл банктын" сатуу бөлүмүнүн башчысы Максат Акаков
Айыл банктын сатуу бөлүмүнүн башчысы Максат Акаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Жазылуу
"Айыл банктын" сатуу бөлүмүнүн башчысы Максат Акаков депозиттин эӊ биринчи артыкчылыгы топтогон акча коопсуз жайда сакталарын айтты.
Топтогон тыйынды сактоонун дүйнөдөгү салттуу түрү банкка аманатка салуу болуп саналат. Бул ыкма Кыргызстанда да жайыла баштады. Бул тууралуу Максат Акаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Депозит деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
Анын айтымында, банктын шарттары менен таанышууда капитализация бар-жогун да билип алуу абзел.
"Депозит жалпак тил менен айтканда — аманат. Мындайча айтканда, сактоо жана пайыз түрүндө киреше алуу максатында банкка акча салуу. Банк өз кезегинде бул акчалардан насыя берет, пайыздуу аманат жана карыздардан алынган кирешелердин айырмасынан пайда көрөт. Башкача айтканда, банк сиздин акчаңызды пайдаланып, бул үчүн сизге сый акы төлөйт. Ошентип, банк адамдардын ортосунда эки тараптын тең муктаждыктарын камсыз кылган финансылык ортомчу болот. Депозит узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болуп бөлүнөт. Узак мөөнөттүү депозит каражаттарды 12 айдан көп мөөнөткө, орточо мөөнөттүү 3-9 ай, кыска мөөнөттүү 1-3 айга ачылат. Мисалы, эгерде сиз бир жылдык мөөнөткө жылдык 10 пайыз менен 1000 сом салсаңыз, бир жылдан кийин эсебиңизде 1100 сом болот. Эсептелген пайыздардын суммасы эсепке айына бир жолу кошулуп турат. Ошондой эле мөөнөтсүз депозитте (иш жүзүндө эсептеги каражат) пайыз кошулбайт же кошулса да абдан аз, акчаңызды каалаган убакта ала аласыз. Мөөнөттүү депозитте белгилүү бир убакытка келишим түзүлөт. Мында пайызы алда канча жогору. Кемчилиги катары каражатты алуу үчүн келишимди бузууга туура келет. Кардар андай шартта бардык же пайыздын көбүрөөк бөлүгүнөн кол жууйт. Кээ бир банктарда аралаш вариант да бар. Бизде балдарга арналган "Наристе", карылар үчүн "Ардагер", башка жарандар үчүн "Айылга салым", "Аракетке-берекет" жана башка ушул өӊдүү депозиттер бар. Ар биринин пайыздык чени ар башка. Депозиттин артыкчылыгы — эӊ биринчи кезекте коопсуздук маселеси. Мисалы, акыркы ирет Баткенде болгон чек ара маселесинде айрым адамдардын үйүндө сактаган көп суммадагы акчасы күйүп кеткен учурлар болду", — деди Акаков.
Ал эгерде аманат салган банкта маселе жаралса "Депозиттерди коргоо боюнча агенттик" Улуттук банктын эсептик курсу боюнча эсептелген 200 миң сомду кайтарып берерин, калган сумма мыйзам чегинде четинен берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0