Түркия министри: АКШ шайлоого ЖМКлар аркылуу кийлигишмекчи

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын ИИМ жетекчиси Сулейман Сойлу. Архив
Түркиянын ИИМ жетекчиси Сулейман Сойлу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
Түркия ИИМ башчысы АКШнын шайлоого кийлигишип жатканын айтып, күнөөлөдү
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Түркиядагы боло турчу шайлоону батыш ЖМКларынын манипуляциялашы — АКШнын пландаган иштеринен. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМ жетекчиси Сулейман Сойлу айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин министр АКШны Түркиянын чек арасына жакын аймакта террордук мамлекет түзүүгө аракет кылып жатат деп билдирген. Былтыр Стамбулда болгон терактыдан кийин адам өлүмүнөн улам Вашингтондун көңүл айтканын Анкара кабыл албай тургандыгын маалымдаган. Мындан мурдараак жаштар менен жолугуп жатканда Сойлу АКШ "кадыр-баркынан ажырап бара жатканын", бүт дүйнө "Американы жек көрөрүн", ал эми Европа Штаттардын "кол баласы" болуп калганын айткан болчу.
"АКШнын планы улам күч алып бара жатат. Батыш ЖМКлары АКШнын планына ылайык шайлоого кийлигишип жатат", — деп Сойлунун айтканын Yeni Akit басылмасы жазган.
Ал Батыш Түркиянын саясий системасына 1960-жылдардан кийин акырындап кире баштаганын белгиледи. Анткен менен азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган бул нерседен такыр колун үзүп, кутулуп кете алган.
"Батыш эми өзүнүн (Түркия боюнча) көз карашын айта баштады. 2023-жылы биз шайлоодон жеңгенден кийин туруктуулуктун жүз жылдыгы башталат. Муну алар көрүп турушат. АКШнын элчиси көзөмөл кылгысы келбеген бир дагы шайлоо жок... ", — деген министр.
Сойлу Анкаранын геосаясий тандоолору Батыштын кызыкчылыгына төп келбестигин, кеп Түркиянын "америкалык мандатты кабыл албай койгондугунда" жатканын белгилеген.
"Бул үчүн 104 жылдан бери өч алууга аракет кылып келишет. Муну баары билет", — деген ИИМ министри.
Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга пландалган. Режеп Тайип Эрдогандын "Республикалык альянс" сүрөгөн, оппозициялык "Элдик альянс" партиясынын бирден-бир талапкери Кемаль Кылычдароглу аттуу атаандашы бар. Эгерде так жарышында талапкер добуштардын 50 пайызын албай калса, экинчи тур 28-майда өтүшү керек.
Түркиянын Стамбул шаарында Режеп Тайип Эрдоганды колдоо митинги өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Түркияда Эрдоганды колдоо митингине 1,7 млн. адам келди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0