"Американы дүйнө жек көрөт". Түркия министринин билдирүүсү

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу. Архив
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулда жаштар менен жолукканда Американы дүйнө жакшы көрүп турган жок деп айтканын Aydınlık басылмасы жазды.
"Американын бедели түшүп бара жатат Американы бүт дүйнө жек көрөт. Европа — Американын Африкадагы кол баласы, Африканын бардык өлкөлөрү аларды эксплуатациялагандарды жек көрөт", — деп ИИМ башчысынын айтканын басылма жазды.
Сойлунун айтымында, Европа деген түшүнүк жок, аны асмандатып деле керек эмес.
"Америка бар. Европа — Американын колоннасындагы поезд. Анда эч кандай деле өзгөчөлүк жок", — деген ал.
Сойлу европалык лидерлердин кадыры улам кетип баратканын, калк картайып, Европанын өнөр жайында кыйынчылыктар жаралып жатканын эске салган. Батыш эми суверенитетке ээ болбой калгандыгын белгиледи.
"Суверенитети калбай калса да адаттарын сактап калууга жан үрөп жатышат. Түркия тарыхты өзгөртүүдө. Алдыдагы шайлоо тарыхты толугу менен өзгөртүүчү шайлоо. Америка да, Европа да мына ушул себептен кысымга алып жатат. Ошон үчүн Кандиль (Анкаранын айтымында, Күрдстан жумушчу партиясынын (КЖП) согушкерлери жашырынган Ирактын түндүгүндөгү тоо) дүрбөлөңгө түшүп, КЖП басымын күчөтүүдө. Бул Тайип Эрдогандын эмес, Түркиянын келечек муунунун шайлоосу, Түркиянын көз карандысыздыгын тандоо", — деген министр.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Жогорку кызматка учурдагы өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу, Memleket партиясынын лидери Мухаррем Индже жана Ata альянсынан Синан Оган талапкер болууда.
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
АКШ антироссиялык санкциялар Батыштын ири катасы экенин моюнга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0