Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" акылга сыйбаган өңүт алууда

© AP Photo / LibkosУкраиналык жоокерлер БТРде баратышат
Украиналык жоокерлер БТРде баратышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Жазылуу
Украинанын РФ президентинин резиденциясына чабуул коюу — театрлаштырылган аракет, технологиялык жактан майнапсыз кадам. Бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" Европа менен дүйнөгө кооптуу деп эсептейт Sputnik аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Россия президентинин администрациясы 3-майда: "Бүгүн түндө киевдик режим Россия Федерациясынын президентинин кремлдик резиденциясына учкучсуз аппараттар менен сокку урууга аракет жасады. Эки учкучсуз аппарат Кремлге мээленген. Радиолокациялык күрөш тутумун колдонуу менен аскер жана атайын кызматтардын өз маалындагы аракеттеринин натыйжасында аппараттар иштен чыгарылды. Мындай кадамдарды пландалган террордук акция жана Президентке кол салуу катары баалайбыз…", — деп расмий түрдө билдирди.
Россия тарап өзү зарыл деп санаган учурда, ылайык көргөн жеринде жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырат. Вашингтон менен Киев Москвадагы терактка тиешеси бар экенин танып жатат. Ал түгүл "өзүн өзү атты" же кандайдыр "партизандык кыймылдын" жоругу деген версияларды да чыгарышты. Бирок он күн мурун Москвага украиналык аскердик чалгындоо тарабынан сокку уруларын америкалык Washington Post гезити жазганы маалым.
4-майга караган түнү Киевге урулган россиялык ракеталык сокку жыл башынан бери эң интенсивдүүсү болду деп атоого болот. Каршылаш тараптын аба чабуулдарынан коргоочу каражаттар, байланыш түйүндөрү жана ички курамы жайгашкан пунктулары, Киев, Сумы, Кировоград облустарындагы жана Херсондун четиндеги аскер-өнөр жай комплексинин ишканалары талкаланды. Ага катар эле Украинанын Одесса, Днепропетров, Полтава жана Харьков облустарында "Герань" жанкечти-учкучсуздардын жарылганы туурасында кабарланды. Дрондордун сыныктарында "Zа Кремль" жана "Zа Москvу" жазуулары сакталган.
Кантсе да Москванын чордонунда украиналык дрондун пайда болушу россиялык борбор калаанын аба чабуулдарынан коргонуучу тутумунун бекемдигинен шек саноого негиз эмес. Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын жашырынган кызматкерлери же киевдик режимдин башка "подрядчиктери" Москванын четиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жапыз чатырларынан чакан учкучсуздарды коё беришкен болушу ыктымал.
Киевдин Майдан аянтындагы көпүрөнүн үстүндө АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Патрушев: АКШнын планында Украинаны мамлекет катары сактоо жок
Электр кыймылдаткычтуу дронду каалаган гаражда курап чыгууга болот. Ал эми Россиядагы украиналык аскердик чалгындоо кызматынын уячалары мурдатан бар экени чын. Украина Куралдуу күчтөрү батыш инструкторлорунун жетекчилигинде Россия менен согушууга 1990-жылдардын ортосунан бери камынып келишкен.
РФте Борбордук чалгындоо башкармалыгынын диверсиялык ишмердиги, "буюртмачылар" жана "подрядчиктердин" ролдорун бөлүштүрүү жөнүндө маалымат Батышта жарыяланган. Америкалык адистер операцияларды аралыктан пландап, тескеп жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ал эми россиялык тылда Украина Куралдуу күчтөрүнүн тымызын диверсиялык-чалгындоочу топтору иштейт. Россияда үч миллиондон ашуун украиналык жаран туруктуу жашаган. Отуз жыл аралыгында россиялык жаранды көпчүлүк алган. Эмгек миграциясы тунук чек аралар, тил тоскоолдугунун жоктугу жана маданияттын ортоктугу, салтка айланган туугандык алакалар өрчүгөн. Ушундан пайдаланып украиналык чалгындоо кызматы он жылдан ашуун убакыттан бери РФ территориясына "жардыргыч жана башка шаймандар катылган айрым жашыруун жайларды" өз уячалары үчүн түзүшкөн.
Россия Федералдык коопсуздук кызматынын оперативниктери мурдагы күнү Крымда Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын жашырынган бир нече тыңчысын кармады. Украиналык диверсанттарда жардыргыч заттар, атайын байланыш, байкоо, мээлөөчү каражаттар бар экен. Алар республиканын жетекчилигине кол салууларды пландашкан.
Андан мурунку күнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн үч диверсанты (алардын экөө РФ жарандары болгон) жок кылынды. Алар Запорожье облусунун территориясындагы бир нече кылмыш иштерине катыштыгы бар экени аныкталган. Брянск облусундагы райондордо темир жолдордун жардырылышы Украина территориясынан диверсиялык-чалгындоочу топтун эл арасына сүңгүп кетишинин натыйжасы. Россия Федералдык коопсуздук кызматынын оперативниктеринин иши эми чачтан көп.
Кремлге карай ишке ашпай калган учкучсуздардын соккусу театрлаштырылган жана акылга сыйбаган контрчабуул сымал, Европа жана дегеле дүйнөгө кесепети оор боло турган кооптуу эскалация аракети өңдүү көрүндү.
Вашингтондун киевдик кол куурчактарынын жаңжал отун "башкарууга" умтулушу Украинада россиялык атайын операциянын зарылдыгын, өз маалында жүрүп жатканын гана айгинелейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Литва аскерлери НАТОнун желегин көтөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
РФ Коопсуздук кеңеши: НАТО чек арага жакын аймакта аскерин күчтөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0