Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Россиянын муфтийи: кыргызстандыктар Москвадагы медреседе кыргыз тилинде окушат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран менен адам. Архив
Куран менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Жазылуу
Крганов китептерди Россияда таратуу үчүн орус тилине которуу зарылчылыгын белгиледи.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Москвага барган 700дөн ашуун кыргызстандык бир медреседе окуйт. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Альбир Крганов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовМуфтий Духовного собрания мусульман России Альбир Крганов
Муфтий Духовного собрания мусульман России Альбир Крганов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
"Москвада биздин резиденциянын алдында Зайнулла эшен Расулев атындагы медресе ачылды. Сентябрда окуу программалары расмий түрдө башталат, учурда даярдоо курстары жана тарбиялык иштери жүрүп жатат. Кыргызстандан барган 700дөн ашуун адам, анын ичинде студенттер дем алыш күндөрү келип турушат. Алар Кыргызстандын муфтияты тарабынан бекитилген китептер боюнча кыргыз тилинде билим алышат. Ошондой эле биздеги адабияттар дагы колдонулат", — деди Крганов.
Муфтийдин айтымында, россиялык аалымдардын китептери кыргыз тилине которулса жакшы болмок. Аны менен катар эле Кыргызстанда колдонулган китептерди Россияда таратуу үчүн орус тилине которуу зарылчылыгын белгиледи.
Паранжа кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Чүмкөнүп алган, көзү эле көрүнөт. Депутат паранжага тыюу салууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0