Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тарыхчы: согушта Советтик Кыргызстан танк колоннасына жетчү акча чогулткан

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Советтик Кыргызстанга Россиянын батыш тарабынан 150 миңдей киши баш калкалоого келгенин айтты.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жалпысынан 300 миңдей адам Советтик Кыргызстанга баш калкалоого келсе, анын 150 миңдейи депортациялангандар болгон. Бул тууралуу Темиркул Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тарыхчы: согушта Советтик Кыргызстан танк колоннасына жетчү акча чогулткан
Анын айтымында, согуш жылдарында жалпы СССРдин аймагынан 41 балдар үйү 3 433 тарбиялануучусу менен Кыргызстанга көчүрүлгөн.

"Кыргызстандыктар оорукта күжүрмөн эмгек жасап, башкаларга үлгү боло алышкан. Согуш жылдарында фронтко жумшаганга 33 килограммдан ашуун алтын-күмүш тапшырышкан. Мында карапайым калктын мураска калган зер буюмдары болгон. 11 миллион 862 центнер эгин, 2 779 центнер эт жөнөтүшкөн. 121 миң тонна жүн, 96 миң даана кой териси иштетилген. Завод-фабрикаларда иштеп, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенген кыз-келин, кары-картаң, жаш балдар иш убактысынан сырткары фронттогу аскерлерге жылуу кийимдерди даярдашкан. Мунун баары 195 вагон менен фронтко жиберилген. Анын ичинен 103 вагон 900 күнгө чукул блокадада калган Ленинград шаарына багытталган. Мамлекет тарабынан ачылган СССР банкынын эсебине да жапа тырмак каражат которушкан, баалуу кагаздарды сатып алып, "аскердик займ" программасына катышып өлкөгө көмөк көрсөтүшкөн. Советтик Кыргызстандын эмгекчилеринин фронтко жөнөткөн каражатынын эсебинен 1942-жылы танк колоннасы түзүлүп, бооруна "Советская Киргизия" деген жазуу менен алгачкы ирет Сталинград шаарындагы салгылашууга катышкан. Мындан сырткары, Кыргыз ССРине баш калкалап келген 300 миңдей адамды кучагына батырып, үй менен камсыз кылуу, жер бөлүп берүү жана бир айлык тамак-ашын даярдап берүү милдетин толугу менен аткарышкан. Ал кезде адамдарда улутка бөлүнүү, керт башын ойлоо деген болгон эмес. Элдин ынтымагы, биримдиги СССРди жеңишке жеткирген десек болот", — деди Асанов.

Илимпоз СССРдин башка республикаларынан келген адамдар көбүнесе азыркы Чүй, Талас облустарына жайгаштырылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0