Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үй-бүлөнүн бекемдигине жаш өзгөчөлүк таасир этеби? Психологдун жообу

© SputnikПсихолог Сажира Абдыкаимова. Архив
Психолог Сажира Абдыкаимова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Психолог Сажира Абдыкаимова түгөйлөрдүн жаш айырмачылыгына карата жашоолору кандай болорун айтып берди.
Эң алгач адам чын дилинен каалаган учурда гана турмуш курушу керек, анын чечимине эч кимдин кийлигишпегени жакшы. Бирөөнүн кысымы менен курулган үй-бүлө бактысыз болуп калышы мүмкүн экенин Сажира Абдыкаимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Үй-бүлөнүн бекемдигине жаш өзгөчөлүк таасир этеби? Психологдун жообу
Анын айтымында, турмуш курам деген ой ар бир адамга өз алдынча келгени маанилүү.
"Баш кошордо түгөйлөрдүн жаш өзгөчөлүгүнөн да эң маанилүүсү — алардын менталдык ден соолугунун абалы. Ар бир адамга үй-бүлө курам деген ой өз алдынча келиши шарт. Башкалардын кысымы менен турмушка чыгып же үйлөнүүгө болбойт. Ар бир адам өзү каалап, туура чечим кабыл алдым деп өзүнө ишенген учурда гана турмуш жолуна аттанса болот. Баарыбызда идеалдуу адамдын образы жашашы мүмкүн. Бул жерде бирөөгө идеалдуу болгон адам башкага идеалдуу эмес экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Жаш өзгөчөлүктөрү кичүү болобу, тең куракта болобу же бир канча жашка улуу болобу, жылдызы келишкен адам менен гана баш кошуу абзел. Кимдир бирөө үчүн өзүнөн 10-15 жаш улуу адам менен жашоо ыңгайлуу болушу мүмкүн. Ал эми кимдир бирөө үчүн, тескерисинче, өзүнөн бир топ жашка кичүү адам менен чогуу жашаган жеңил болушу ыктымал. Дагы бирөө үчүн өзү теңдүү адам менен жашоо жагышы мүмкүн. Түгөйлөрдүн жашы тең болгон учурда турмуштун бардык этаптарын бирге басып өтүшөт. Ал эми эгер кыз өзүнөн 10-15 жаш улуу мырзага турмушка чыгууну кааласа, коргоодо экенин сезип жашаган жагымдуу болушу ыктымал. Ошондой эле улуураак кишинин тажрыйбасы көбүрөөк болгондуктан майда-чүйдө жаңжалдар азыраак болот. Бул жерде кичүүгө, же теңтушуна, же өзүнөн улуу кишиге чыкса көбүрөөк бактылуу болот деп айта албайбыз. Анткени ар адамды индивидуалдуу кароо шарт. Бир тараптуу бактылуу болот деп айтуу кыйын. Бактылуу адамдардын баары окшош бактылуу, ал эми бактысыздар ар кандай бактысыз болушат деп бекеринен айтылган эмес", — деди психолог.
Ал ар бир адам 24 саат бою чогуу боло турган кишини башканын эмес, өзүнүн көзү менен карап тандашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0