АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстан менен Тажикстанга эмне максатта келди

© Фото / пресс-служба МИД КРАКШ мамлекеттик катчысы Дональд Лу. Архив
АКШ мамлекеттик катчысы Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
Дональд Лунун сапарынын башкы максаты санкциялык режимдин аткарылышын көзөмөлдөө экени айтылды.
Михаил Воробьев, Sputnik
АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лунун 22-27-апрель аралыгында Кыргызстан менен Тажикстанга сапары пландалган. Мамдепартамент Лу Бишкекте жогорку бийлик адамдары, экономика жаатындагы лидерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, аялдардын экономикалык укугу менен мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү, адам укугун жана сөз эркиндигин талкуулай турганын айткан. Душанбеге болчу сапардын максаты деле жергиликтүү бийлик менен коопсуздук маселесин талкуулап, ЖМК жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуу экенин белгилешти.
Мамкатчынын жардамчысы Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту, ТИМдин маалыматы боюнча, анда коопсуздук, жашыл экономика, ошондой эле С5+1 (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан+АКШ) механизминин алкагында кызматташуу талкууланган. Артында эмне жатат? Кеп ошондо.

Кошумча баш оору

Донбассты коргоо боюнча жүрүп жаткан атайын аскердик операция учурунда америкалыктарга Россия үчүн башка региондордо кыйынчылык, тоскоолдуктарды жаратып туруу абдан маанилүү. Бул тууралуу РФ ТИМинин Дипломатия академиясынын Актуалдуу эл аралык көйгөйлөр институтунун эксперти Евгений Коренев Sputnik кабарчысына айтып берди.
Ал Россиянын Борбордук Азияда позициясы күчтүү экенин, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) боюнча Россиянын союздаштары деп белгилеген.
"Бишкек да, Душанбе да чек ара маселесинде кыйналып турат. Балким, Америка бул жаңжалга модератор болууну көздөп жаткандыр. Россияга караганда абалды жөнгө жакшыраак салам деп, бирок аталган чырды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы да ажеп эмес", — деди эксперт.
Коренев мартта РФ премьер-министри Михаил Мишустиндин Душанбеге барганын, жолугушууда Тажикстандын экономикасына инвестиция салуу маселеси талкууланганын эске салды.
"Албетте, Вашингтон россиялык позициянын күчтөнүп кетпеши үчүн бул учурларды көз жаздымда калтырбоого аракет кылат", — деди эксперт.
Нааразычылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо

Санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы күрөш

Дональд Лунун сапарынын башкы максаты — санкциялык режимдин аткарылышын көзөмөлдөө. Мындай пикири менен Примаков атындагы Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун Постсоветтик изилдөө борборунун Борбор Азия боюнча секторунун башчысы Дина Малышева бөлүштү.
"АКШ менен Евробиримдик бул мамлекеттер аркылуу санкциядагы товарлар ташылып, параллелдүү импорт жана экспорт жүрөт деп кооптонууда", — деди ал.
Эксперт муну менен бирге Орто Азия мамлекеттеринин түштүктөгү коңшусуна да көңүл бурду.
"Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Афганстандагы азыркы бийлик менен мамилеси өтө татаал болуп келген өлкө. Америкалык саясатчылар ушул процессти да көзөмөлүнөн чыгарбаганга аракет кылышат", — деди Малышева.

Жумшак күч

Эксперт АКШ өкүлүнүн "жарандык коом" жана журналисттер менен жолугушуусу таң калтырбай турганын белгиледи.
"Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар өтө көп. "Түстүү революциялар" ушул өлкөдө арбын болду да. Аталган уюмдар эмне менен алек экенин жакшы билебиз. Саясий ишмердүүлүк. Каржылоочулары менен да байма-бай жолугуп турушат", — деди Малышева.
Анын айтымында, Батыш азыр региондун алсыз жактарын, алысты көрө албаган саясатчыларын издөөдө, алар аркылуу регионду Россия менен Кытайдан оолактатуучу ыкмаларын ишке ашырууну көздөп келишет.
"Ушу тапта региондогу мамлекеттер эмнеге муктаж? Кызыктуу экономикалык долбоорлор, элди иш менен камсыз кылуу, башкача айтканда, Россия менен Кытай камсыздап жаткан нерселер. АКШ менен Евробиримдик эмне бере алат? Алардын сапарлары экономика эмес, укук коргоочулар, саясат жана идеология менен байланышкан", — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.
Ушул эле учурда региондо АКШ финансы министринин террорчулукту каржылоо жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жардамчысы Элизабет Розенберг да жүрөт. 23-26-апрелде Алматы менен Астанада болуп, 27-28-апрелде Бишкекке келери күтүлүп жатат.
Буга чейин февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ТИМ башчылары менен жолуккан. Мейман катышуучуларды антироссиялык санкцияларга кошулууга үндөгөн эле.
Өз кезегинде РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Россия менен соода-экономикалык алакасы бекем мамлекеттерге мындай талаптын коюлушунун өзү бетпактык экенин билдирген.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Саясат таануучу: Кыргызстан АКШ үчүн "лабораторияга" айланышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0