https://sputnik.kg/20230424/sadyr-zhaparov-donald-lunu-menen-zholuktu-1074707352.html
Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолукту
Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Президент Кыргызстан чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигин белгилеген. 24.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-24T20:20+0600
2023-04-24T20:20+0600
2023-04-24T20:37+0600
кыргызстан
акш
садыр жапаров
дональд лу
иш сапар
https://sputnik.kg/img/07e7/04/18/1074706363_0:56:690:444_1920x0_80_0_0_93e58e10fbd3bfb7b5c1408d407f5afb.jpg
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Анда кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болгон.Мамлекет башчы Кыргызстан чет элдик инвестициялар, тактап айтканда, алдыңкы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар компаниялар үчүн ачык экендигин белгилеген."Биз "жашыл", санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого даярбыз. Келечекте Кыргызстандын чыгармачыл коому туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө жигердүү кириши керек деп күтөбүз", — деген Жапаров.Дональд Лу америкалык тараптын Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик экономиканы колдоо, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн башка багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниети бар экендигин билдирген.
https://sputnik.kg/20230424/kulubaev-aksh-mamkatchysynyn-zhardamchysyn-kabyl-aldy-1074692079.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/18/1074706363_12:0:679:500_1920x0_80_0_0_20d1cf15aed443b841062b6ee0604bbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акш, садыр жапаров, дональд лу, иш сапар
кыргызстан, акш, садыр жапаров, дональд лу, иш сапар
Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолукту
20:20 24.04.2023 (Жаңыртылды: 20:37 24.04.2023) Президент Кыргызстан чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болгон.
"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйынына катышуу үчүн Вашингтон шаарына болгон соңку сапарын айтып Садыр Жапаров жетишилген бардык макулдашуулар, "жашыл экономикага" инвестицияларды тартуу жаатында белгиленген кызматташуу өз убагында ишке ашырылат деген ишенимин билдирди", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Мамлекет башчы Кыргызстан чет элдик инвестициялар, тактап айтканда, алдыңкы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар компаниялар үчүн ачык экендигин белгилеген.
"Биз "жашыл", санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого даярбыз. Келечекте Кыргызстандын чыгармачыл коому туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө жигердүү кириши керек деп күтөбүз", — деген Жапаров.
Дональд Лу америкалык тараптын Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик экономиканы колдоо, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн башка багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниети бар экендигин билдирген.