Европа санкциялык согушта жеңип, эми артка чегинүүнүн аракетинде

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвропа биримдиги. Архивдик сүрөт
Европа биримдиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Жазылуу
Россияга каршы башталган санкциялык согушка карата европалык бийликтин пессимизми Батыш маалымат каражаттарында көп чагылдырылууда. Financial Times басылмасына жашыруун ысым менен Европа биримдигинин үлкөндөрүнүн бири кырдаалдан кеп салып берген.
Атын атабаган аткаминердин айтымында, Европа биримдигинин жетекчилеринин тоону томкоргон ой чабытынан эми пайда жок, Россияга залал келтирүү аракеттери европалыктардын өздөрүн түйшүккө салат. "Биз аягына чыктык, — деп билдирген булак. — Эгер биз санкцияларды дагы киргизсек, анда чектөөлөргө караганда жеңилдиктер көбүрөөк болот". Серепчи Кирилл Стрельников ошол пикирдин тегерегинде кеп учугун чубаган. Автордун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Россияга каршы санкциялар азыр эле он топтомдон туруп, 200 ишкана жана 1 500 жеке жакты камтыйт. Европада эсеп жүргүзгөндөр 300 миллиард евродон ашуун көлөмдөгү россиялык мамлекеттик активдерди тоңдуруп, көмүр-суутек, технологиялар, жабдуулар жана электроника жаатындагы эки тараптуу соода 150 миллиард еврого кыскартылганын сыймыктануу менен жар салышкан. Ушул тапта Россияга каршы 11-санкциялар топтому кызуу талкууда. Адилеттүүлүк үчүн кепке кыстара кеткенибиз оң, санкцияларды көбөйтүү боюнча мурда да арсар ойлор жаңырып келген.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Россияга каршы чектөөлөрдү кеңейтүүнүн көп деле жолу калбаганын моюнга алат. Ал эми Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Москвага карата кезектеги санкцияларга Европа биримдигинин анчейин деле көңүлү жок деген тейде кыйыткан.
Швециянын каржы министри Элизабет Свантессондун баамында, "Россияга каршы санкциялардан алган жыйынтыкты өлчөөнүн өзү өтө кыйын". Ыргагы басаңдамак түгүл россиялык экономика ушул тапта туруктуу, ал тургай өсүшү байкалат.
Былтыр аталган континенттегилер "Европа 2027-жылы толугу менен Россиядан энергетикалык көз карандылыкка кабыларын" аргасыз моюнга алышкан. Күйүүчү май сактоочу жайлары тим эле оозуна карай, тагыраак, 91 пайызга толтурулганы жар салынганы менен рыноктун негизги катышуучулары жана эксперттер жагдайдын башка жагын ачыкташат. Келерки кыш Европа үчүн алда канча оор болору айтылат. Санкциялар киргизилгенден бери Европа биримдигинде энергетикалык инфляция өзүнүн тарыхый чегине жеткен.
Москвадагы Россиянын ТИМ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия АКШ, Канадага жооп кылган санкцияларды киргизет
Европада электр кубатын керектөө акысы былтыркыга караганда 35 пайызга кымбаттаган. Венгрияда инфляция деңгээли 25,6 пайыз болсо, Латвияда — 17,2, Чехияда — 16,5. Мунун канчага барып такаларын да эч ким болжой албайт. Rystad Energy аналитикалык департаментинин башчысы Карлос Торрес Диас айтмакчы, "Европада энергетикалык өзгөртүүлөргө чекит коюлду". Бирок кайра эле мезгил алмашып суук түшөт, жылынуу да керек...
Дал ушул себептен "Россияга каршы атомдук энергетикада санкция сала албайбыз, анткени бул биздин өзөктүк энергетикага түздөн-түз таасирин тийгизет", – деп ачык айткан болгариялык президент Румен Радевди эч ким кагып кое алган жок.
Андан да TotalEnergies SE башчысы Патрик Пуянненин (Patrick Pouyanne) билдирүүсү катуу болду. "Европа (Россиядан) энергетикалык көз карандылыгын жойду деген кеп жалган. Европа үчүн көгүлтүр оттон көбүрөөк алуунун жалгыз варианты – көп төлөө", – деген ал.
Бирок европалыктар төлөгөндү жактыра бербестигин билебиз. Алар санкциялардын санын арттыруу ансыз да жукарып бараткан капчыкты туюндурарын аңдашты. Дал ошондуктан он биринчи санкциялык топтомдун күн тартибинде кезектеги оор санкциялардын ордуна мурда киргизилген чараларды айланып өтүү менен гана чектелип, уюмдар, жеке тараптардын тизмеси гана бир аз кеңейтилген.
Европа биримдигинин болжогону туура чыкпай, ушул тапта Россия менен өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүүгө негиз даярдоодо. Анткени Европа картасынан аны санкциялык тизме менен алып салууга болбойт. Россия кандай гана кыйынчылык болбосун чыдай билет. Дүйнөдө жана тарыхта эч ким анчалык көтөрүмдүү эмес. Оорчулук аны токтото албайт, тескерисинче, күчүнө күч кошот. Кимде-ким тарыхты начар окуган болсо, эми анын "жемишин" узак жылдар бою көрөт.
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
АКШ антироссиялык санкциялар Батыштын ири катасы экенин моюнга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0