АКШ антироссиялык санкциялар Батыштын ири катасы экенин моюнга алды

© Sputnik / Наталья СеливерстоваМосквадагы Кремль. Архив
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
Статистикалык маалыматтар Батыш азырынча энергоресурстардын оңбогондой инфляциясы жана дефицити менен бет келерин, Россиянын экономикасы Британия менен Германияныкына караганда тез өсөрүн көрсөткөнүн айтышты.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украинадан улам салынган антироссиялык санкциялар Батыштын туура эмес эсептеп алган эң чоң жаңылыштыгы болуп калды. Бул тууралуу "Известия" American Thinker журналына шилтеме кылып жарыялады.
"Санкциялар көптөр ойлогондой болуп, Россиянын экономикасын чөгөлөтө алган жок. Россия кыйынчылыктарды жеңип эле тим болбостон, СССР кулагандан берки мезгилге салыштырмалуу Азия, Африка жана Түштүк Америкада салмактуу таасирге жана кадыр-баркка ээ болуп, гүлдөп жатат", — деп айтылат материалда.
Басылма статмаалыматтар Батыш азыр энергоресурстардын оңбогондой инфляциясы, дефицити менен бет келерин, Россиянын экономикасы Британия менен Германияныкына караганда тез өсүп, жакында Батыштын, анын ичинен АКШнын экономикасын кууп өтөрүн көрсөтүп жатканын жазды.
Анткен менен American Thinker Россия өзүнүн өндүрүшүн жөнгө салып, аскердик тармакта да ийгилик жаратып жаткандыгын белгилеген. Украинага колдоо көрсөткөндөн кийин Батыштын өзүндө курал-жарак, ок-дары боюнча каатчылык жаралганы маалым.
Мында мурдараак, 13-апрелде, финансылык туруктуулук боюнча еврокомиссар Мейрид Мак Гиннесс Евробиримдикте антироссиялык санкциялардын 11-пакети даярдалып жаткандыгын билдирген эле. Алар чектөө чараларын айланып өтүү аракеттерин тушоого багытталган.
Вашингтондогу Россиянын элчиси Анатолий Антонов АКШнын жаңы санкциялары Москванын ишине таасир этпестигин, бирок Вашингтондун беделине доо кетирерин айтты.
Ошол эле күнү Нидерланддын Евробиримдиктеги депутаты Марсель де Граф Европа биримдигинин Украинага курал жөнөтүүсүн жана Москвага жаңы санкция салууну токтотууну талап кылды. Анын айтымына караганда, ЕБдин экономикасы толугу менен талкаланды.
6-апрелде америкалык баяндамачы россиялык санкциялар чектөөнү киргизген тарапка эмне үчүн тескери натыйжа алып келгендигин жазды. Анын айтымына караганда, "Батыштын рублди өрттөп жиберебиз дегенинин кесепети өзүнө тийди".
Ал Россия эми мунай менен алтындын баасын көзөмөлдөп жатканын айткан.
Австрия ТИМинин мурдагы жетекчиси Карин Кнайсль антироссиялык катар-катар чектөөлөр аларды салган тараптын беделине терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилеген. Батыштын Москвага басым жасайбыз деген аракети алар каалаган жыйынтыкка алып келген жок жана анын Россиянын саясатына терс таасири болгону деле байкалбайт.
Буга чейин, 25-февралда, Евробиримдик антироссиялык санкциялардын 10-пакетин кабыл алган. Кара тизмеге юридикалык жана расмий 121 жак кирген. Аны менен катары эле экспорт менен импортко чектөө коюлганы маалым.
Москвадагы Россиянын ТИМ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия АКШ, Канадага жооп кылган санкцияларды киргизет
Жаңылыктар түрмөгү
0