Кыргызстанда чек арачыларга китеп чогултулуп жатат. Акция

© Sputnik / Эмиль СадыровКитептер. Архивдик сүрөт
Китептер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Максаты — алыскы аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарып турган аскерлерге руханий байлык тартуулап, ар кандай жанрдагы китептерди жеткирүү.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Эл аралык китеп күнүнө карата "Ар бир чек арачыга китеп" акциясы башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Акциянын максаты — алыскы аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарып турган аскерлерге руханий байлык тартуулап, ар кандай жанрдагы китептерди жеткирүү.
Каалоочулар 24-25-апрель күндөрү төмөнкү даректерге китептерди таштап кетсе болот. Китеп сөзсүз жаңы болушу керек деген талап жок.
Баткен облусу:
Баткен шаарындагы Маданият үйү;
Раззаков шаарындагы Борбордук китепкана;
Айдаркен шаарындагы Маданият үйү.
Ош облусу:
Ош драма театры;
Ош шаардык китепканасы;
Курманжан көчөсүндөгү облустук китепкана;
Масалиев көчөсүндөгү "Ак-Кеме" соода борбору.
Нарын облусу:
Орозбаков атындагы облустук китепкана;
Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасы.
Жалал-Абад облусу:
Шамалды-Сай айылындагы Маданият үйү;
Ала-Бука айылындагы Маданият үйү;
Ысык-Көл облусу:
Каракол шаары, Абдрахманов, 146 дарегиндеги китепкана;
Орозбеков, 103 дарегиндеги Ленин орто мектеби;
Балыкчы шаары, Кулакунов көчөсүндөгү эски базар.
Талас облусу:
Талас шаарындагы балдар музыкалык мектеби.
Бишкек:
"Ала-Арча", "Азия-Молл", ГУМ соода борборлору, "Аламүдүн", "Ош" базарлары, Кожомкул атындагы спорт сарайы.
Манас театрынын директору Азиз Биймырза уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Радио
Биймырза уулу: "Улуу мурас" жыйнагы угармандын табитин калыптандырууга керек
Жаңылыктар түрмөгү
0