2008-жылдагы кризисти алдын ала айткан экономист АКШ бүлгүнгө учураарын эскертти

© AP Photo / Richard DrewБиржа кызматкери. Архив
Биржа кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, көйгөй аймактык насыя берген банктарда жатат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Америкалык банк системасы олуттуу көйгөйлөргө тушугуп, ал коллапска жакындап бара жатат. Бул туурасында Нью-Йорк университетинин экономика боюнча профессору Нуриэль Рубини Fox Business каналына билдиргенин РИА Новости жазды.
Рубини — 2008-жылдагы экономикалык каатчылыкты алдын ала айткан адис.
"АКШ экономиканын өсүү темпин төмөндөтө турган кредиттик кризиске жакындап келе жатат", — деп айтып берген ал.
Профессордун пикирине караганда, көйгөй ипотекага, коммерциялык кыймылсыз мүлккө, бизнеске жана чакан ишканаларга насыя берген аймактык банктарда жатат. Silicon Valley банкы урагандан кийин майда банктар кредит алуу процессин татаалдантат да, "кредиттик кризис" башталат.
"Бул каатчылык мурда болуп көрбөгөндөй рецессия, ырайымсыз төмөндөө ыктымалдыгын арттырат. Ошентип биз америкалык банк системасынын арбын бөлүгүндөгү кооптуу көйгөй менен кагылышабыз", — деген Рубини.
Март айында Калифорниянын жөнгө салуучу органдары Silicon Valley банкын (SVB) жапкан. Бул — 2008-жылдагы финансы кризисинен берки банктын кудуретсиздикке тушуккан АКШдагы эң ири учуру. Андан соң системалуу тобокелдиктерден улам нью-йорктук Signature Bank жабылды. Американын банк системасындагы кризистен сактануулар башталып, банк секторундагы акциялар кунун жоготууда. Алар өзү менен европалык кредиттик органдарды тартып бара жатат. АКШда эл эки аптада, 8-22-марттын ичинде банктардан 300 милилард долларлык депозиттерин алып чыгып кеткен.
Silicon Valley банкынын бул жагдайга кабылышы АКШнын Федералдык резерв системасынын негизги ченинин жогорулашына байланыштуу болуп, көптөгөн финансы институттарынын балансындагы активдердин кыйрашына алып келди. АКШ бийлиги колдоо чараларын жарыялаган.
Европада Швейцариянын эң чоң банктарынын бири Credit Suisse да ушундай көйгөйлөргө туш болду.
Киши Сан-Францискодогу Silicon Valley банктын (SVB) филиалынын жанынан өтүп баратат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
АКШдагы 200гө жакын банк банкрот болушу мүмкүн. Иликтөө
Жаңылыктар түрмөгү
0