Садыр Жапаров: кыргыздар — адилетсиз башкарууга эгерим баш ийбеген эрки күчтүү эл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Мамлекет башчысы мындан 18 жыл мурун бийликтин жалгыз булагы эл экени тарых алдында тастыкталганын белгиледи.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Бүгүн өлкөнүн соңку тарыхындагы орчундуу окуяга 18 жыл толду.
"Кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн, ал эми Март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап берди. Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли – адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл. Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал башына түшкөн бардык кыйынчылыктарга карабай биримдик, ынтымак аркылуу калк элдүүлүгүн жоготпой, акыйкат жолунан тайбай кылымдарды карытып келе жатканын белгиледи.
"Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз. Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз. Мекенибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибизде бакубатчылык жана ынтымак болсун!" — деди президент.
Белгилей кетсек, 2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болгон эл толкуп чыгып, аны тактан кулаткан. Бул эл ичинде "Жоогазын революциясы" же Март окуясы деп айтылып жүрөт.
Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик бийлик бутактарынын башка жетекчилери Аксы, Апрель окуяларын эскерип, Ала-Тоо аянтындагы монументке гүл койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0