00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россиялык блогер Кыргызстанды эл аралык туристтик көргөзмөдө жарнамалады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык блогер Лариса Булина. Архив
Россиялык блогер Лариса Булина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн жана Россиянын 57 регионунан келген өкүлдөр катышкан.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эл аралык MITT-2023 туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын атынан россиялык блогер Лариса Булина чыгып, өлкөнү тааныштырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Булина Кыргызстанда эки жылдан бери саякаттап жүргөнүн, мындан улам аны аталган иш-чарада өлкөнүн туристтик дараметин көрсөтүп берүүгө чакырышканын белгиледи.
"Кыргызстан эмнеси менен туризм үчүн мыкты экенин айтып берүүгө эң кымбат делген 20 минута берилди. Чынында аябай толкундандым. Мен эки жыл бою изилдеген Кыргызстанды кантип 20 мүнөткө сыйдырарымды ойлондум. Бул мүмкүн эмес, анан бир теманы алып, ошонун тегерегинде айтып берүү керектигин түшүндүм. Көрсөтүүмдүн баарын адамдарга арнадым. Адам — эң башкы баалуулук эмеспи. Эч бир тоолор, көлдөр, капчыгайлар жана каньондор адамдын меймандостугуна, кең пейилдигине жана ак көңүлдүүлүгүнө тең келе албайт. Ал өзүнчө бир дүйнө. Баса, мен сүйлөп жатканда залдагылардын бири жашып кетти", — деди блогер.
MITT-2023 29-эл аралык туристтик көргөзмөсү 16-18-март күндөрү Москванын "Крокус Экспо" көргөзмө борборунда өткөн. Бул жылы ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн жана Россиянын 57 регионунан өкүлдөр катышкан. Анда 170 спикер өз аймагынын туризм индустриясы тууралуу жарнамалап, конокторду чакырган.
Лариса Булина соңку эки жылдан бери Кыргызстанга келип-кетип, өлкөнүн ажайып жайлары, кыргыз элинин маданияты тууралуу роликтерди YouTube-каналына жарыялап турат. Былтыр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык блогерге ыраазычылык кат тапшырган.
Российский блогер-путешественник Лариса Булина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Кыргыздарга суктанып көзүнө жаш алган россиялык блогер: бактымды таптым!
Жаңылыктар түрмөгү
0