https://sputnik.kg/20230323/natonun-bash-katchysy-batyshka-chakyryk-saldy-1073813747.html
Колдоо көрсөтүү узакка болот, даярдангыла. НАТО баш катчысынын Батышка чакырыгы
Колдоо көрсөтүү узакка болот, даярдангыла. НАТО баш катчысынын Батышка чакырыгы
Sputnik Кыргызстан
Британиялык Guardian басылмасына маек берген Столтенберг Россия президенти Владимир Путиндин Украина боюнча "тынчтык планы жок" деп эсептээрин айткан. 23.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-23T12:24+0600
2023-03-23T12:24+0600
2023-03-23T12:25+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
нато
батыш
кытай
йенс столтенберг
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0b/1068870841_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_692233f358d2580e314eac9b57439352.jpg
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг тынчтык жолу менен маселе чечилерине көзү жетпей турганын айтып, Батышты Украинага көпкө чейин колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.Британиялык Guardian басылмасына маек берген Столтенберг Россия президенти Владимир Путиндин Украина боюнча "тынчтык планы жок" деп эсептээрин айткан.Альянстын башкы катчысынын пикирине караганда, Кытайдын ортомчулук иштери Киевдин позициясын түшүнүү аракеттери менен коштолушу керек жана сөзсүз Владимир Зеленский менен өз ара байланышта болушу шарт.Кытай төрагасы Си Цзиньпин өткөн шейшембиде Россия лидери Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Кытай украин кризиси боюнча объективдүү жана адилеттүү позицияны карманарын, кырдаалды жөнгө салып жараштырууга, сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жигердүү көмөк көрсөтөрүн айткан.Москва сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет айтып, бирок Киев мындай кадамга мыйзамдуу түрдө тыюу салган. Владимир Зеленский мурдараак G20 жыйынында "эч кандай Минск-3 болбой турганын" айткан эле.Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун пикирине караганда, мындай билдирүү Киевдин сүйлөшүүлөрдү каалабагандыгын "тастыктап" турат.Россиянын БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя да РИА Новостиге берген маегинде Москва Киевдин кырдаалды жөнгө салуу боюнча берген сунуштарын караганга даяр экендигин, бирок буга Киев кызыкдарлыгын көрсөтпөгөндүгүн билдирген.Песков Батыш жасаган кадам — куралды Украинага болушунча көп санда берип жатканы жакшылыкка алып келбестигин, орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жанданышына терс таасирин тийгизерин жана кесепети жаман болорун айткан.Кытай бийлиги февралда тынчтык планын сунуштаган. Ал 12 пунктудан туруп, коопсуздук боюнча бардык өлкөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Украинадагы гуманитардык каатчылыкты жөнгө салуу боюнча айтылган. Владимир Путиндин айтымында, Кытайдын тынчтык планынын көп пунктулары Батыш менен Киев кырдаалды жөнгө салууга даяр болгондо бул процесске негиз катары алынышы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20230322/polsha-mig-29-makedoniya-su-25-uchak-ukraina-zhardam-bere-alaby-1073803913.html
украина
батыш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0b/1068870841_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_47fcfa24941a61b9bb1a25b53c2bf67d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, нато, батыш, кытай, йенс столтенберг
дүйнөдө, россия, украина, нато, батыш, кытай, йенс столтенберг
Колдоо көрсөтүү узакка болот, даярдангыла. НАТО баш катчысынын Батышка чакырыгы
12:24 23.03.2023 (Жаңыртылды: 12:25 23.03.2023) Британиялык Guardian басылмасына маек берген Столтенберг Россия президенти Владимир Путиндин Украина боюнча "тынчтык планы жок" деп эсептээрин айткан.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг тынчтык жолу менен маселе чечилерине көзү жетпей турганын айтып, Батышты Украинага көпкө чейин колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Британиялык Guardian басылмасына маек берген Столтенберг Россия президенти Владимир Путиндин Украина боюнча "тынчтык планы жок" деп эсептээрин айткан.
"АКШ, Бириккен Падышалык, Франция, Германия жана Батыштын башка мамлекеттери Украинаны курал, ок-дары, тетиктер менен узак убакытка камсыздап, колдоого даярданышы керек", — деп айтылат басылма жарыялаган маекте.
Альянстын башкы катчысынын пикирине караганда, Кытайдын ортомчулук иштери Киевдин позициясын түшүнүү аракеттери менен коштолушу керек жана сөзсүз Владимир Зеленский менен өз ара байланышта болушу шарт.
"Ал (Столтенберг) Россиянын кирип барышын Пекин алигече сынга албагандыгын айткан", — деп жазды Guardian.
Кытай төрагасы Си Цзиньпин өткөн шейшембиде Россия лидери Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Кытай украин кризиси боюнча объективдүү жана адилеттүү позицияны карманарын, кырдаалды жөнгө салып жараштырууга, сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жигердүү көмөк көрсөтөрүн айткан.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет айтып, бирок Киев мындай кадамга мыйзамдуу түрдө тыюу салган. Владимир Зеленский мурдараак G20 жыйынында "эч кандай Минск-3 болбой турганын" айткан эле.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун пикирине караганда, мындай билдирүү Киевдин сүйлөшүүлөрдү каалабагандыгын "тастыктап" турат.
Россиянын БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя да РИА Новостиге берген маегинде Москва Киевдин кырдаалды жөнгө салуу боюнча берген сунуштарын караганга даяр экендигин, бирок буга Киев кызыкдарлыгын көрсөтпөгөндүгүн билдирген.
Песков Батыш жасаган кадам — куралды Украинага болушунча көп санда берип жатканы жакшылыкка алып келбестигин, орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жанданышына терс таасирин тийгизерин жана кесепети жаман болорун айткан.
Кытай бийлиги февралда тынчтык планын сунуштаган. Ал 12 пунктудан туруп, коопсуздук боюнча бардык өлкөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Украинадагы гуманитардык каатчылыкты жөнгө салуу боюнча айтылган. Владимир Путиндин айтымында, Кытайдын тынчтык планынын көп пунктулары Батыш менен Киев кырдаалды жөнгө салууга даяр болгондо бул процесске негиз катары алынышы мүмкүн.
22 Жалган Куран 2023, 21:55