Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Теолог: ажылыкты статус, титул катары түшүнүү туура эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов. Архив
Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси, теолог Акимжан Эргешов ажылык менен умра сапарынын максаты адамдардагы адеп-ахлакты тарбиялоо экенин айтты.
Учурда, тилекке каршы, "мен жети жолку ажымын, мен 10 ирет ажыга баргам" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, ажылыкты титул катары көрүп, статус катары колдонгондор пайда болду. Бул ислам дининдеги ажылыктын түпкү максатына таптакыр туура келбейт. Тактап айтканда, ажыга барып келген адам антип каада күтпөшү керек. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Теолог: ажылыкты статус, титул катары түшүнүү туура эмес
Теологдун айтымында, ажылык сапардын кабыл болгон-болбогонун эл баалап, эл сындайт.
"Ажылык сапар — саламаттыгы жайында, акыл-эс жагынан, материалдык мүмкүнчүлүгү бар, эрезеге жеткен мусулман баласы бир ирет аткара турган ислам дининдеги парз. Эгер адамдын ошого ички талабы болсо, динге ишенсе гана милдет катары жүктөлөт. Ал эми умра — ажылык сапардан жеңилирээк, Мухаммед пайгамбар тарабынан сүннөт катары ыйгарылган сапар. Умра парз эмес. Бирок эки сапардын тең эле максаты бирдей. Башкача айтканда, адам жол азабын көрүп, алыс жерге барып, ысыкта ак кепинди элестеткен кийим кийип, жаның тирүү туруп ошол адам өлгөндөгү абалды сезүүсү — башкы аракеттердин бири. Тирүүдөй болуп шакек, шуру тагынбай, кымбат кийинбей, атыр сеппей, башкача айтканда, киши көз жумганда буюрган ак кепинден башка нерсени колдонбой, аз да болсо ошол абалда болуп, жашоонун баркын сезе билүү, адеп-ахлагыңды оңдоо, шүгүрчүлүк келтирүү. Ошол акыбалда туруп бирөөнүн көңүлүн оорутуп алган болсоң же башка маселелер боюнча чын ниеттен кечирим суроо, жан дүйнөнү тазартуу гана. Мындан бир сыйкыр, укмуш издеп, ажыга барып келген адамды башкача бийиктетип кароонун зарылчылыгы жок. Ал мурда кандай инсан болгон болсо, ошол бойдон эле калды. Эгер ал кайтып келген соң деле адеп-ахлагын оңдобосо, жүрүм-турумун жакшы жакка өзгөртпөсө анын ажыга барып келгенинен пайда жок. Ажыга барып келгендин баарынын эле ажылыгы кабыл боло бербейт. Анын кабыл болгон-болбогонун элдин ага болгон баасы таразалайт. Анан "мен жети жолку ажымын", "мен ажыга он ирет барган кишимин" деп эле каада күтө берүү таптакыр туура эмес. Ошондой эле бирөөнүн эмгегин жеп алып анан ажыга барып келүү менен эле күнөөдөн арылам деген түшүнүк жарабайт. Сен ошол жеген каражатты ордуна коюп, ал адамдан кечирим сурап, ал сени кечирип, анан ажылык сапарга барган болсоң гана кабыл болушу мүмкүн, — деди Эргешов.
Теолог ажылык сапарда ак кепинди элестеткен кийим менен сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жүктөп, негизи эле ажылык сапарын коомчулукка кайра-кайра жарыялоо да адепке жатпай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0