Грузияда митингге каршы митинг өттү. Видео

© AP Photo / Shakh AivazovГрузияда митингге каршы митинг өттү
Грузияда митингге каршы митинг өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Нааразылык акциясына чыккандар Грузияга Батыштын таасиринин тийишине каршы экенин, ал эми Россия менен мамилесин жакшыртууну колдоорун айтышкан.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Грузияда "Консервативдүү кыймыл" партиясынын бир канча миңдеген тарапташтарынын нааразылык акциясы өлкө парламентинин имаратынын алдында өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Грузия кабарлады.
Маалыматта элдин батыш өлкөлөрүнүн деструктивдүү таасирине каршы чыгып, чет элдик агенттер боюнча мыйзамга каршы болгон акциялардын катышуучуларын сындаганы айтылган. Алар Россия менен мамилени жакшыртуу, бекемдөө чакырыгын ташташкан.
"Консервативдүү кыймыл" жана анын тарапташтары Грузиядан чет элдик агенттер мыйзамы боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышууда. Бул миңдеген адам чыккан акцияда айтылган үч талаптын бири. Андан сырткары, ЛГБТга каршы чыгып камалгандарды бошотуунун зарылдыгын да айтышкан. Алар 2021-жылы 5-июлда "Тбилиси Прайддын" кеңсесин талкалап, телеканалдын тартып жүргөн топторуна кол салышкан. Мындан сырткары, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылгандарды, чет элдик агенттер мыйзамына каршы митингде "Молотов коктейлин" ыргыткандарды жазалоо талабы да бар.
Акцияны уюштуруучулардын бири, консервативдүү кыймылдын лидери Зура Махарадзенин билдиришинче, 2023-жылдын 7-9-мартында болгон чет элдик агенттер боюнча мыйзамга каршы акцияда "консерваторлорго" жана алар түзгөн "Альт-инфо" интернет-платформасынын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр да айтылган.
"Эч ким бизди коркута албайт. Эгерде айта турган сөзү болсо, суу жүрөк болбосо парламентке келсин. Чыкпайсыңарбы!" — деген Махарадзе.
Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Грузиянын премьери бийлик экинчи фронтту ачууга жол бербестигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0