Спортту да геосаясатка аралаштырып... Батыштын русофобиясы тууралуу ой толгоо

© Sputnik / Павел Бедняков2022-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндары учурундагы кыз. Архив
2022-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндары учурундагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Париж Олимпиадасынын башкы демөөрчүлөрүнө Улуу Британиянын маданият министри Люси Фрейзер бүйүр кызыткан кат жолдоду.
Анда "Россия менен Беларуста спорт жана саясат тыгыз байланышканын так билерин, аталган эки мамлекеттеги режимдерге спортту өзүнүн пропагандалык максаттарына колдонууга жол бербестиги" жазылган.
Туура 43 жыл илгери Британиянын өкмөтү өзү "спорт менен саясатты" аралаштырганын унуткарышкандай деп белгилейт серепчи Елена Караева. Анын ушул жагдай жөнүндөгү кезектеги учкай макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Аталган державанын жетекчилиги Москвадагы Олимпиада – 80ге катышууга тыюу салган. Лондон менен Вашингтон СССР өзүнүн түштүк чек арасын коргоону чечип, Афганистанга күчтөрүн киргизгенине кыжырданган.
Кызык абалга тушуккан Эл аралык олимпиада комитети баарынын көңүлүнө жага тургандай жолдорду издеп, акыры "бейтарап макам" ишке кирген. Бирок бүгүнкү күндө аталган эл аралык спорттук иш-чарада "көз карандысыз спортчулардын" жагдайы мышык ыйлаарлык. Улуттук форма кийип, туусун желбирете алышпайт. Жеңишке жетишсе, гимни жаңырбайт.
Булардын баарына Эл аралык олимпиада комитетин да айыптай албайсың. Кеп Олимпиада үчүн төлөгөндөр, башкача айтканда, демөөрчүлөрдө.
Ошол эле убакта Франциянын борборунда негизги спорттук мелдештин ачылышы жана өткөрүүгө даярдык "кызуу" жүрүүдө. Адегенде таштанды чыгаруучулар нааразычылык акциясына чыгышты. Макрон өрт чалган Нотр-Дам "Олимпиадага дейре сөзсүз калыптанарын" убада кылганы маалым.
Иш-чара убагында адамдар кантип жол жүрөрү да чоң маселе, себеби метро жаатында да көйгөй көп. Башкы стадион ремонтко жабылган. Ал эми учурда анда кандай иштер жүрүп жатканы туурасында дегеле маалымат жок. Stade de France тийиштүү деңгээлде оңдолуп бүтөр-бүтпөсү белгисиз.
Канча жылдан бери эки ортодо калган Эл аралык олимпиада комитети албетте жогоруда аталган өлкөлөрдүн спортчуларын чакыргысы келет. Себеби алар өздөрү күчтүү болгон спорттун түрлөрүндө кыйла көп аудитория топтой алары ырас. Анткен менен каражат бөлгөн үлкөндөргө комитет кыр көрсөтүүгө даай албайт. Болду-болбоду, демөөрчүлөрдүн чечимине кыйшаюусуз баш иет. Бирок Россия кандай чечим чыгарат? Анткени чоң спорттун баалуулук жана идеялары эбак эч нерсеге арзыбай калбадыбы...
АКШнын желеги Вашингтондогу Пентагондун имаратында илинип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
АКШ дүйнөлүк согуш боюнча белги берүүдө. Кытай үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0