АКШ дүйнөлүк согуш боюнча белги берүүдө. Кытай үн катты

© AFP / SAUL LOEBАКШнын желеги Вашингтондогу Пентагондун имаратында илинип турат. Архив
АКШнын желеги Вашингтондогу Пентагондун имаратында илинип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Жазылуу
АКШнын бюджетинин көп бөлүгү чабуул коюучу жаңы куралдарды, аскердик техникаларды иштеп чыгууга кетери айтылды.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Глобалдык согуштун чыгып кетүү тобокелдиктерин баамдаш үчүн АКШнын коргонууга кетирген чыгымдарын караган жетиштүү. Бул туурасында РИА Новости Global Times басылмасы билдиргенин жазды.
"Дүйнөдө согуш чыгып кетүү тобокелдиги канчалык деңгээлде көп? Мунун жообу жөпжөнөкөй. Ал үчүн АКШнын куралданууга учурда канча чыгым кетирип жатканын кароо жетиштүү. АКШнын сарптап жаткан оңбогондой каражаттары глобалдык согуштан кабар берет", — деп билдирди басылма.
Автор аны менен катар эле Кытай коргонууга басым койгонун, ал эми Вашингтон кадамын агрессия менен жасап жатканын белгилеген. Ал 2023-жылы Байден бекиткен АКШнын коргонуу бюджети Пекиндин бул тармакка кеткен каражатынан төрт эсе көптүгүн кошумчалаган.
Мындан сырткары, АКШнын бюджетинин көп бөлүгү чабуул коюучу жаңы куралдар менен аскердик техникаларды иштеп чыгууга кетет. Штаттардын аскер өнөр жай комплекси (АӨЖ) Америка саясатында маанилүү ролду ээлейт. Андыктан бийлик акчаны өзүнүн жарандарынын муктаждыктарына эмес, коргонуу тармагына жумшоону эп көрөт.
АӨЖ ири бизнесте "Америка империясынын саан ую катары" пайдаланылат.
Журналист макаласын жыйынтыктап жатып Уолл-стрит менен Ак үйдөгү "чоңдор" глобалдуу согуштарды пайда көрүп, акча табуу жолу катары карап, ал эми анын көбүртүп-жабыртылып айтылып, таратылышы дүйнөгө өзүнүн терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Басылма 2023-жылы АКШ коргонууга 842 миллиард доллар бөлүүнү пландап жатканын айткан.
АКШнын деңиз флотунун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалыктар экинчи украиналык фронт түзүүнү көксөйбү? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0