Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалыктар экинчи украиналык фронт түзүүнү көксөйбү? Сереп

© AP Photo / U.S. Navy / Mass Communication Specialist 2nd Class Markus CastanedaАКШнын деңиз флотунун мүчөсү. Архив
АКШнын деңиз флотунун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Жазылуу
Запорожье атомдук электр станциясына чабуул жасоого аттанган украиналык десанттын набыт болуп, күч жана техника жагынан чоң жоготууга кабылышынан соң Вашингтонго бир нерсе ойлоп табуу керек болду көрүнөт...
АКШнын аскерий талдоочулары Ыраакы Чыгышта экинчи украиналык фронтту ачууну талкуулоого олуттуу түрдө киришкенин баамдаган Виктория Никифорова. Серепчинин бул жолку макаласы ушул темага арналды.
"Батыш россиялык аскер-деңиз күчүн тоготпой турат", — деп кейийт АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн министринин мурдагы жардамчысы, отставкадагы флоттук офицер Сет Кропси. Себеби Россия өз флотун тынымсыз заманга бапташтырып, базаларын, анын ичинде Охота деңизиндеги күчтөрүн улам бекемдеп келет. Кропси "Инди-Тынч океан чөлкөмүндөгү АКШ коалициясына кысым көрсөтүшү мүмкүн" деп тынчсызданууда.
Аскерий серепчинин кеңири макаласы Гонконгдо катталган Asia Times интернет-ресурсуна жарыяланган. Кропси россиялык аскер-деңиз флоту Украина жаңжалында катуу күчтүн бардык инструменттерине караганда азыраак жоготууга учураганын белгилеп, көңүлдү Россия менен Тынч океанда тирешүүгө буруп, бул кырдаалды түзөтүүнү сунуштап жатат.
Ыраакы Чыгышта россиялык флотко коркунуч жаратуу Украинадагы атайын операцияны татаалдаштырары бышык. Анткен менен Украина бул жагдайдын тышында. Негизги көйгөй Россиянын атайын операциясы Вашингтондун Кытайга каршы масштабдуу чагымчылык уюштуруу үчүн пландарын бузуп койгонунда. Бир жыл мурун америкалык истеблишмент Россия менен Кытайды "ооздуктоо" боюнча пландарын ачык эле талкуулаган.
"Америка эки фронттогу согушка даярбы?" – деп суроо салган ошондо эксперттик коомчулук. Соңунда ага дарамети жетпейт деген бүтүмгө келишкен. Адегенде америкалыктар Россия менен жаңжалды тутантып, РФ жеңилип, бармагын тиштейт деп көксөгөн. Андан кийин тайвандыктарды Кытайга каршы тукуруп, мында Кытай жеңилип, чыгымын көтөрүп, өкүнөрүн болжошкон. Бирок алар күткөндөй болбоду. Жай келгенде америкалыктар бул пландары жүзөгө ашпай калганын аңдашты.
НАТО өлкөлөрүнөн куралдын баарын Украинага ташып келсе да Россияны жеңе алышпайт. Бул кырдаалда Кытай менен тирешүүнү башташ керекпи? Албетте, акылга сыярлык эмес, бирок башка арга барбы?
"Скептиктер жаңылышат: АКШ Кытайга да, Россияга да бир убакта туруштук бере алат", — деп жазып чыкты The Washington Post. Россия менен Кытайдын алакасы азыр жакшы. Соода жана саясий байланыштардан сырткары чогуу машыгууларды япон деңизи өңдүү кооптуу жерлерде байма-бай өткөрүшөт.
Индиянын мамлекеттик желегин желбиретип жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Индия: АКШ шарт коюп, Россия менен алаканы токтотууну талап кыла албайт
КЭР менен Россиянын жалпы аскерий дарамети туурасында айтыштын кажети жоктур. Айрыкча, РФтин ресурстары, технологиясы жана Кытайдын өнөр жай өндүрүшү аны тынымсыз толуктап турары ырас.
"Куралданууда өзөктүк жарышта Россия жана Кытай АКШдан алда канча озуп кеткен", — деп белгилейт дагы бир америкалык эксперт. Аскердик көз караштан алып караганда Вашингтондун глобалдык авантюрасы дегеле акылга сыйбайт. Америкалык армия менен флотту бүт дүйнөгө – бул тарабы Филадельфиядан Босфорго, тигил жагы Кара деңизден Тайванга чейин кантип чоё алышат?
Эки фронтко согушуу идеясына АКШ кандай жүйө келтирерин билесиздерби? АКШ Кытай менен Россияга өз күчүн көрсөтүп койбодубу. Маселен, Россияга кыр көрсөтүү үчүн НАТОго Финляндия, Швецияны кошуп алышпадыбы. Кытайга каршы колдонуу үчүн Тайванга Нэнси Пелосини жөнөттү.
РФти Ыраакы Чыгышта эмне күтөт? Биринчиден, маалыматтык согуш. Батыштагы маалымат каражаттары ар тараптан Россия Тынч океандын кай бир жагында кол салганы жатканын кайталай башташат. Ушундай эле нерселер биргелешкен россиялык жана кытайлык машыгууларды коштой турганы айдан ачык. Америкалык диверсия жана чагымчылыктардын маалыматтык камсыздоосу адатынча: "Баарына Россия күнөөлүү" деген тейде жүргүзүлөт. Экинчиден, америкалыктар Тайвань булуңуна кирип, кытайлык жолдошторго чагым уюштуруп, тайвандыктарды шыкактайт.
АКШ мамлекеттик департаменти Тайванды америкалык курал менен жабдууну колдогон. Келишимдин жалпы наркы миллиард доллардан ашат. Андан тышкары америкалык радиолокациялык станциялар, партизандар да бар. Кан күйгөн жерге айлантуу үчүн баары даяр.
Америкалыктар россиялык чек араларга жакын жерде масштабдуу машыгууларды уюштурушу ыктымал. Ошол эле Сет Кропси бүтүндөй планды жазып чыккан. Адегенде өзөктүк курал менен жабдылган россиялык суу түбүндөгү кайыктар базасына жакын Охота деңизинде америкалык жана япон согуштук кемелеринин катышуусундагы ири окуу уюштурган оң болорун айтат.
Кропсинин пикиринде, "Вашингтон ошол окууларга өзүнүн экспедициялык сокку уруучу топторунун бирин катыштырып, Сахалин жана Куриль аралдарындагы россиялык позицияга десанттык чабуул коюуга машыга алат. Бул Россияны Ыраакы Чыгышка аскер жөнөтүп, Украинадагы күчүн азайтууга түртөт".
Жалпысынан, америкалык аскерлерге тезинен мүмкүн болушунча Тайванга жакыныраак экинчи украиналык фронтту ачуу талап кылынат. Канткен күндө да алар биринчи фронттогудай эле экинчисинде да жеңилери шексиз.
Искандер-М комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Беларустун тактикалык өзөктүк куралы Батыштын тынчын алууда. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0