22 градуска чейин ысыйт. Баткен облусундагы бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Алдыдагы аптада өрүкзарлуу өрөөндө күн 22 градуска чейин жылыйт.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 13-мартта түнкүсүн жамгыр жаап, күндүзү басылат. Ошол бойдон 17-мартка чейин күн ачык болот. 18-19-мартта айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
Алдыдагы аптада Баткендин өрөөндөрүндө күн 22 градуска дейре жылыйт.
Суу каптаган көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Шашылыш билдирүү. Бүгүн, эртең жаан жаап, айрым жерлерди суу капташы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0