Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлгөн аялга жаңы үй курулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаңы үйдө эркек киши менен бала. Архив
Жаңы үйдө эркек киши менен бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Жазылуу
Марттын башында Ак-Ордо конушунда төрт балалуу аялдын үйүн кошунасы соттун чечими менен сүрдүртүп салгандыгы коомчулуктун көңүлүн бурган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотованын үй-бүлөсүнө жаңы үй курулат. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Эрнис Ашырбаев жеке баракчасына жазды.
Тартылган видеодо төрт балалуу аял президентке ыраазычылыгын билдирип, анын тапшырмасы менен курулуш иштери баштала турганын айткан.

“Бир-эки күндүн ичинде курулуштун долбоору бүтүп калат дешти. Ага чейин жолдошум да ооруканадан чыгып калат, бул ишке дайындаган кишилер менен чогуу жолугуп, сүйлөшөбүз”, — деген Шараболотова.

Эске салсак, март айынын башында Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүн коңшусу соттун чечими менен сүрдүртүп салган. Көчөдө калдым деп ыйлаган аялдын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган. 5-мартта президент Садыр Жапаров аталган конушка пландан тышкары барып, үйү бузулган аял жана конуштун жашоочулары менен жолугушкан.
Андан кийин өлкө башчысы Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматынан бошоткон. Буга мамлекет башчы жарандарга "Кызыл китеп" берүү иштерин солгун жүргүзгөндүгү себеп экендигин айткан.
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Жер мунапысы: соттун чечими жок эле "кызыл китеп" жасоого уруксат берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0