00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бошсуңар! Садыр Жапаровдун аткаминерлерди кеңешме учурунда иштен алган видеосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме учурунда
Президент Садыр Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Жапаров жер-жерлерде маселелерди чечүү үчүн акимдерге бардык ыйгарым укук берилгени менен мыйзамдар аткарылбай жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме жыйын өткөрүп, аткминерлерден аталган маселелер боюнча эмне иш бүткөнүн сурап, кемчиликтерин көрсөтүп, ишиндеги шалаакылыгы үчүн жарга такады.
Ал жер-жерлерде маселелерди чечүү үчүн акимдерге бардык ыйгарым укук берилгени менен мыйзамдар аткарылбай жатканын белгиледи.
Маселенин төркүнүнө келсек, өткөн жылдын апрель айында жер мунапысы жарыяланып, жарандарга үй куруп алган жерлерин мыйзамдаштырып алганга мүмкүнчүлүк жаралган. Жергиликтүү бийликтин башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, элге жер тилкелерин мыйзамдаштырып алууга уруксат кагаздарын берүү милдети тагылган.
Анткен менен Жапаров бул боюнча мыйзамды аткаруу начар, өзгөчө Чүй облусунда канааттандырарлык жүрбөй жатканын айтты.
"Бир жылдан ашты, силер 345 эле кишиге берипсиңер. Эмне үчүн? Менин Чүйдөгү өкүлүм, эмне бутуңарды тушап койдубу? 5 мүнөттө келип мага кирсеңер, алакандай кат жазып, 27-пункт тоскоол болуп жатат, ушул жерди оңдоп бергиле деп кайрыласаңар болот беле. Сөзсүз эле ызы-чуу болуп, мен ал жерге барып, элден угуп келип, анан чечишим керекпи. Силердин экөөңөрдүн түздөн-түз милдетиңер да. Бир жылдан бери эмне кылып жатасыңар", — деди ачууланган президент.
Ал аталган иштерди аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөн бир жылга чукул убакыт өткөнүн белгилеп, мындай иштөөнүн кереги жоктугун айтты.
"Үч айдын ичинде, эң көп болсо алты айда бул маселени чечип бергиле деп мөөнөт бербедим беле. Алты ай эмес, бир жыл өтүп кетти. Мындай иштегендин кереги жок. Маселелерди оперативдүү чечип тургула деп кимдерге толук укук бергенбиз... Ушундай кантип болсун?" — деди Садыр Жапаров.
Бул кеңешмеде Жапаров анын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевдин кызматынан кетүү маселеси боюнча чечим кабыл алган.
Айтибаев: "Сиздин жардамыңыз менен бүтүрүп жатабыз. Калганын деле бүтүрөбүз, Акылбек Үсөнбекович деле бизге тапшырмаларды кайра берген".
Жапаров: "Бүтүрбөй эле койгула, болду. Бошсуңар экөөң тең. Кызматтан бошойсуңар. Экөөң тең арызыңарды жазып бергиле".
Мамлекет башчы аны менен катар эле башка аймактардагы жер мунапыстары боюнча иштердин өзгөчө Чүй жана Ош облустары, Ош шаарында кандай жүрүп жаткандыгын текшерүүгө тапшырма берди.
Мындан сырткары, Жапаров Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталгандыктан аким Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулганын кошумчалаган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Садыр Жапаров үйү түрттүрүлгөн көп балалуу аял менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0