Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинанын химиялык эвтаназиясын пландоодо. Сереп

© AFP / YASUYOSHI CHIBAУкраиналык жоокерлер Артемовсктун жанындагы окопко баш калкалоодо
Украиналык жоокерлер Артемовсктун жанындагы окопко баш калкалоодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрү менен НАТОнун азыркы согуштук аракеттер театрында жеңилишине аз калышы америкалыктарды аргасыз, ойго келгис кадамдарга түртүүдө.
Алар бул үчүн баарына кайыл, ал түгүл Донбасста жапырт жабыркатуучу куралды пайдалануу менен болсо да россиялык атайын аскердик операциянын мизин кайтарууну көздөп турганын боолголойт аскерий серепчи Александр Хроленко.
Россияга каршы химиялык агрессия сөзсүз түрдө катаал жазаланарын, кыязы, Вашингтон элес албаган өңдүү. РФтин Коргоо министрлиги Пентагон менен НАТОго андайга жооп кайтарыларын эскертти.
Россиянын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо күчтөрүнүн жетекчиси Игорь Кириллов 28-февралда Украинага бир нече вагон ууландыруучу заттар, анын ичинде америкалык өндүрүштөгү "Би-Зет" химиялык куралын, ошондой эле жеке коргонуучу каражаттарынын ири партиясы жеткирилгенин кабарлады.
Вашингтондун максаты – кол куурчагына айланган украиналык армияга жамынып, атайын операция зонасында жапырт жабыркатуучу куралды пайдаланып, жоопкерчиликти Россияга шылтоо. Мындан бир аз мурдараак, тагыраак, 22-февралда АКШнын Москвадагы мурдагы элчиси Жон Салливан: "Россиялык күчтөр атайын аскердик операция аймагында химиялык куралды пайдаланууну пландоодо", – деп билдирген.
"Би-Зет" АКШ армиясынын ууландыруучу табелдик заты, кезегинде Вьетнам согушунда көп пайдаланылган. Эстерине жара чыккан өңдүү. Себеби Вашингтон тээ 1990-жылы "Би-Зетти" жок кылууну убада кылган. Бирок өндүрүштүн негизинде синтездөө мүмкүнчүлүгүн (жылына ондогон тоннага чейинки көлөмдө) сактап калган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Химиялык куралга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү конвенциясына ылайык, Кошмо Штаттар өз запастарын быйыл 30-сентябрга чейин толук жок кылууга милдеттенген.
Украиналык согуштук аракеттер театры – жапырт жабыркатуучу америкалык куралды жок кылуу үчүн туура эмес тандоо. Европа мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы аскердик кырсыктын алдында турат (ал тургай Гитлер да химиялык курал колдонууга батынган эмес).
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "химиялык" контрчабуулун уюштуруу үчүн америкалыктар киевдик режимди 55 миңден ашуун жеке коргонуу каражаттарынын топтомун, иприт, люизит жана туунду синилдик кычкылдан антидоттор (750 миң флакон), зарин жана зоман өңдүү фосфор-органикалык ууландыруучу заттар (600 миң ампула), тарамыштын тырышканын жаза турган дары-дармектен 3 миллион таблетка менен камсыздаган. Вашингтон атайын аскердик операция зонасында жапырт жабыркатуучу куралдын пайдаланылышы европалык союздаштарын да, АКШ калкын да оор кесепеттерге кептей турганын да ойлонбой Украинаны химиялык эвтаназияга даярдап жаткандай таасир калтырат.
Британиянын премьер-министри Риши Сунак NLAW танкка каршы куралы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен кармашууга дагы бир держава жулунуп жатабы? Ой толгоо
РФ Коргоо министрлигине 2023-жылдын 10-февралында Украина утурумдук көзөмөлдөгөн Донбасстын аймагына чет өлкөлүк адистердин коштоосунда химиялык заттардын темир жол курамы жеткирилгени белгилүү. Краматорск металлургиялык заводунун территориясында Украинанын Коопсуздук кеңеши, Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлдөрү химиялык кооптуулук белгиси бар 16 металл кутуну түшүрүшкөн. Анын сегизинин үстүндө "Би-Зет" жазуусу болгону айтылат.
Ошол эле Краматорскиде 19-февралда атайын белгиси бар НАТОлук 11 вагон шрапнелдик ок-дарыны түшүрүштү. РФтин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, АКШнын кургактагы күчтөрүндө мындай ок атуулар заманга бапташтырылып, тагыраагы, уулуу суюк кошулмалар элементтери менен жабдылган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир маалда америкалык химиялык курал жана андан коргонуу каражаттары менен камсыздалышы Донбасста ууландыруучу психотроптук "Би-Зетти" колдонууга кызуу даярдык жүрүп жатканын тастыктайт. Аны пайдаланууга Химиялык курал жөнүндөгү конвенциянын 1-беренеси менен тыюу салынганы менен Пентагон согуш жүргүзүүнүн каражаты катары бир нече химиялык куралды пайдаланууну мыйзамдаштырган.
Кошмо Штаттар ар кандай өлкөлөрдөгү аскер-саясий кытмыр кызыкчылыктары үчүн "башка туунун" алдында химиялык курал пайдаланууга кынык алган. 2017-жылы сириялык Шайрат авиазабасына ракеталык сокку урууга шылтоо болгон марлиден жасалган таңгактардан заринди таап чыккан "Ак каскачандар" өкүлдөрү эсиңиздедир. Ушундай эле чагым сириялык Дума шаарында балдар хлорго ууланган дешип 2018-жылы Барз жана Жамрайдагы илим-изилдөө борборун жок кылууга себеп болгон.
2003-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин "айна" салынган пробиркасы да эстен кете элек, дал ошол окуя Пентагон менен НАТОнун Иракка басып киришине себеп болгон. Эске салсак, ошол кадам 500 миңден ашуун ирактык жарандын өлүмүнө алып келген. Ошол кылмыштарга эч ким жооп берген жок.
Анткен менен россиялык территорияда мындай эксперименттер Вашингтон жана бүтүндөй Түндүк Американын калкы үчүн ого эле кооптуу. Анын кесепети АКШнын европалык союздаштарын да жабыркатат. Америкалыктар согуштук аракеттер шартында эл аралык коомчулук майнаптуу иликтөө жүргүзө албайт. Ошол себептен нагыз уюштуруучулар жана аткаруучулар ачыкталбай, күнөө Россияга жүктөлөрүнө үмүт артышат.
Жогоруда айтылгандай, РФтин Коргоо министрлиги атайын аскердик операция зонасында химиялык курал колдонулса жообу да кайтарыларын эскертти. Донбасста америкалык өндүрүштөгү жапырт жабыркатуучу куралды пайдаланып, бирок жазасыз каларын ойлогондору акылга сыярлык эмес.
РФ Коргоо министрлигинин атайын аскердик операция зонасында ачылган химиялык лабораторияларынын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрү колдонулган химикаттын түрүн, кайдан чыгарылганын так аныктоого шарт түзөт. Ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды көзөмөлдөөнүн көчмө комплекстери ыкчам чара көрүү үчүн химиялык коркунучту өз убагында сезе алышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун баш катчысы Россия менен мамиледе артка жол жоктугун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0