Ордо калааны шаңга бөлөгөн Масленица. Майрамдан видео

Жазылуу
Иш-чара республиканын башка шаарларында да болду.
Бүгүн Бишкекте Масленица майрамы жыйынтыкталып, чоң салтанат менен коштолду.
Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында болуп, келгендер түрдүү сынактарга, жарманкеге күбө болушту. Балдар үчүн цирк менен театрдын артисттери оюн-зоок уюштуруп, көңүлдүү маанай тартуулашты.
Элдик майрам Бишкектен тышкары Ошто, Таласта жана Чүйдүн бир катар айылдарында өткөн.
Иш-чара салттуу түрдө каракчынын өрттөлүшү менен жыйынтыкталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0