Бийлик органдары бюджеттин акчасын кайда жумшап жатканы ачык жарыяланат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюрасы жана КР желеги. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюрасы жана КР желеги. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
Учурда 10 мекемеде эксперименталдык тестирлөө жүрүп жатат.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бийлик органдарынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндиги түзүлүп, бухгалтердик эсептер ар бир кыргыз жаранына ачык жана жеткиликтүү болот. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Финансылык башкарууну өркүндөтүүнүн алкагында каражатты башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн "Бюджеттик мекемелердин финансы-чарбалык ишинин борборлоштурулган эсеби" маалыматтык системасы иштелип чыккан.
Январь айынан баштап он мекемеде: Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Айыл чарба министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик бажы жана Салык кызматтары, Билим берүү жана илим министрлиги, Финансы министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек мэриясы, Лебединовка айыл өкмөтү менен эксперименталдык тестирлөө башталганы маалым болду.
Ал эми 1-апрелден тарта бардык бюджеттик мекемелерде долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.
Борборлоштурулган бухгалтердик эсепти киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
финансылык отчет аркылуу бюджеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши, ошондой эле анын мүлктүк абалы жөнүндө так жана ыкчам маалымат берүүгө;
негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин, дебитордук карыздардын эсебин, кредитордук карыздын, кирешелердин жана чыгашалардын, персоналдын чыгымдарынын жана эмгек акыларынын эсебин киргизүүгө;
бюджеттик мекемеде болгон активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөгө;
бухгалтердик эсеп боюнча бардык отчетторду түзүүгө;
бекитилген бюджеттердин көлөмү жана анын максаттуу аткарылышы, каржылоо булактарынын сметалары жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бухгалтердик эсепти түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө.
Акча санап жаткан офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Салык кызматы быйыл 247,6 миллиард сом чогултууга белсенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0