Евробиримдик Россиянын дагы бир кайырмагына илингендей

© Sputnik / Владимир ПесняСуюлтулган газ өндүрүүчү завод. Архив
Суюлтулган газ өндүрүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Жазылуу
Күн сууктап, кыштын келиши менен энергоресурс рыногунда күтүүсүз, анан да көп жакшы эмес окуялар катталууда.
Синоптиктердин божомолу боюнча, алдыдагы дем алышта Евробиримдик өлкөлөрүндө үшүк жүрсө, Польшада сууктун күчү 10 градуска жете турганы айтылды. Ал арада ошол эле Евробиримдик россиялык суюлтулган газдын экспорттук көлөмүн рекорддук көрсөткүчкө жеткиргени белгилүү болду. Кырдаалга баам салган россиялык журналист Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Европа биримдиги кечээ жакында эле курамынан чыгып кеткен Улуу Британия менен россиялык өндүрүштөн чыккан суюлтулган газды алуунун көлөмүн былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 21 пайызга жогорулаткан. Бул тууралуу немецтик Handelsblatt басылмасы эл аралык ICIS аналитикалык компаниясына таянуу менен жазды. Көңүл коюп окуй келгенде кызык жагдайларды байкоого болот.
Биринчиден, суюлтулган газ Россиядан Европага, өзгөчө Британ аралдарына кайсы маршрут менен жеткирилип жатканын эч ким так айта албайт. Батыш аналитиктери транзитти өзүнүн регазификациялык терминалы жок Германия камсыздап жатканын болжолдошууда. Демек, отундун бул түрү көмүскө иш алып барган дагы бир өлкөдөн өтөт. Эгер импортко анализ жасап көрсөк, өтмөктүн ролуна Франция, Бельгия же Нидерланддар туура келүүдө. Дал ушул жактардан Германиянын компаниялары продукциянын басымдуу бөлүгүн алып, андан кийин ал немецтик деп катталат да Европага тарап, Ла-Маншты кесип өтөт.
Экинчиден, суюлтулган газдын рыноктогу баасын эсептей келгенде түтүк аркылуу ташуунун көлөмү кыскаргандан кийин логистикалык багыттын өзгөрүшү капчыкка канчалык оорчулук келтирерин боолголоого болот. Батыштын адистери үстүбүздөгү жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Россиядан эле барган суюлтулган газдын импорту 27 миллиард евродон кем эмес зыян алып келгенин айтышууда.
Британиялыктар менен ЕБ жарандарын чыккынчылык кылды деп азыр энергоресурсу жетиштүү америкалыктар эле айыптай алат. Алсак, британиялык ЖМКлар акыркы күндөрү автоунаа майы, өзгөчө дизель бир топ кымбаттап кеткени айтылган макалаларды байма-бай жарыялоодо. Буга катар элдин аң-сезимине энергодефициттен улам быйыл тоңуп өлгөндөрдүн саны да көбүрөөк болуп, 100 миңге жетери акырындан сиңирилип жатат.
Нааразы болгон элине Британия өкмөтү Украинаны Петр Порошенко башкарып жаткан учурдагы ыкманы сунуштоодо. Мында газ конфоркалары, жылуу пол, башкача айтканда, азыркы цивилизациянын белгиси болгон нерсенин баарын иштетпей токтотуу каралган. Консервативдик партиянын лидери Надхим Захави медицина кызматкерлеринин нааразылыгына жооп кайтарып, наалый бербей биригип, Путинге энергияны курал катары пайдаланууга жол бербей тургандыктарын билдириши керек деген.
Буга катар эле франциялык ЖМКлар да бакты кийин отун катары пайдалануу үчүн туура кыюуну үйрөткөн маалыматтарды жарыялай баштады. Президент Макрон абалды курчутпоого чакырганы менен мындай чүнчүткөн макалалар токтоп калган жок.
Bloomberg да аларды кайталады, авторлор Европада жакында операторлор Украинадагыдай электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүгө аргасыз болорун жазышууда. Айырмасы — Европанын бир да подстанциясына же жылуулук электр станциясына Россиянын чыпалагы да тийген эмес.
Континеталдык Европанын түндүк чекити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Европа менен АКШнын ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюуда. Сереп
Азыркы тапта Европа толугу менен энергетикалык, андан ары саясий өз алдынчалуулугунан ажыраганын ооз толтуруп эле айтууга болот. ЕБдин айрым өлкөлөрүнүн лидерлери кыштан чыгуу үчүн жан алакетке түшүп жатат. Ал арада рынок европалыктардын катышуусуз эле бөлүштүрүлүүдө.
Россиялык суюлтулган газды топтоо өлкөнү ресурс жеткирүүчүлөр тизмесинен биротоло чыгарып салууга болбой турганын көрсөттү. Мындан тышкары, акылга сыйбаган санкциялар канчалык көп болсо Россиянын газы менен нефтиси европалыктардын үйүнө ошончолук татаал жана кымбат жол менен жетери айгине болду.
Албетте, сүттүн каймагын Европанын эски байланыштарынын бырын-чырынын чыгарып, негизги экспортёрго айланган АКШ калпып алды.
Эки-үч күн мурун америкалык Sempra Energy компаниясы Франциянын Engie компаниясы менен жылына 0,9 миллион тонна суюлтулган газ жеткирүү боюнча 15 жылдык мөөнөт менен келишим түздү. Көңүл деле бурмак эмеспиз, бирок өндүрүш жана жүктөө иштери буюртма менен алгачкы эки линиясы курулуп бүтө жаздап калган Port Arthur терминалында жүрөрү таң калычтуу болду. Башкача айтканда, курулуш мурунтан дал ушул максат менен башталганы ачыкталууда, келишим түзүлөрүнө бекем ишеним болгон. Мындан тышкары, терминалга ээлик кылгандар арканды алыс таштаган, газды суюлтуучу сегиз линиянын курулушу менен Port Arthur дароо Түндүк Америкадагы эң ири өндүрүүчүгө айланат. Демек, Европада жарыяланган жогорудагыдай макалалар америкалыктардын чырагына май тамызып, ого бетер шыктандырып жатат. Европаны россиялык энергоресурстан баш тарттырган да дал ушул америкалыктар эмес беле.
Бирок россиялык өндүрүшчүлөр да кол куушуруп отуруп кала турган жерде эмес.
Батыш аналитиктери Россиядагы ишканалардан суюлтулган газ ташуунун көлөмү жогорулап жатканын белгилешүүдө, мындай жагдай тынбай иштөөгө дем берет.
Муну башка фактылар да ырастап турат.
Японияда өкмөттүн деңгээлинде суюлтулган газды сактоо үчүн резервди кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Россия менен байланыштын үзүлгөнүнөн эң көп жабыр тарткан Германия көмүскө транзиттен чыгып, кол жууган көзүрлөрүнүн азын болсо да кайтарууга абдан ынтызар. Брунсбюттель менен Любминдеги алгачкы эки терминалдын курулушу боюнча долбоорлор бекитилди, башкача айтканда, "Түндүк агымдын" түтүктөрү тонналап жүк ташыган кемелердин трюмдарына алмаштырылат. Менчик регазификациялык терминал тууралуу Киев да кыялданып келет, бирок бул ишке ашпай турган нерсе.
"Түндүк агым" түтүктөрүн оңдоо, газды Украина жана Польша аркылуу өткөрүү жолун калыбына келтирүү тууралуу сөз кылып да кереги жок болуп калган кезде Европа экономикасы менен энергетикасы альтернатива издей баштаары турулуу иш. Бул өзгөчө суюлтулган газга тиешелүү. Ал эми негизги жеткирүүчү болуп Катар, Россия жана АКШ эсептелет. Башкача айтканда, Европа биримдиги россиялык газ түтүгүнөн баш тартып, бир капталынан россиялык, экинчисинен америкалык кайырмакка илинип калды. Эмне дейбиз, эркин адамдар, каалаганын жасашат эмеспи.
Калифорниядагы мунай насостук станциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Мунайга эмбарго жана бааны чектөө Россия менен Европага кандай таасир этет?
Жаңылыктар түрмөгү
0