Депутат Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандырууну сунуштап жатат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөр. Архив
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жаңы "элиталык үйлөрдүн" дээрлик бардыгы жер титирөөнүн кесепетинен кыйрап калышы мүмкүн деп эсептейт.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандырууну сунуштап жатат.
Эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына Түркия 1999-жылдагы жер титирөөдөн кийин үйдү кырсыктардан камсыздандырууну милдеттүү кылганын жазды.
"Биз да ушундай мыйзам кабыл алганбыз, бирок документ милдеттүү болсо да мажбурлоо каралган эмес. Анткени мыйзамды сактабагандар үчүн жоопкерчилик жок. Бул элге жакпай калышы мүмкүн, ошентсе да азыркы үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун эске алуу менен турак жайды милдеттүү камсыздандырууга өткөрүү керек", — деди Бекешев.
Анын айтымында, мамлекет адам тагдырына караганда курулуш бизнеси маанилүү деген философиядан алыстай турган учур келди.
"Уруксат берүүдөгү коррупция, курулуш учурунда эч кандай көзөмөлдүн жоктугу, курулуш бизнесин либералдаштыруу акчасы барлардын баарынын эле куруучу болуп калышына алып келди. Натыйжада биздин өлкөдө жер титирөөдөн дээрлик бардык жаңы "элиталык үйлөр" урап калышы мүмкүн", — деп эсептейт депутат.
Камсыздандыруу ОСАГО полисин алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Садыр Жапаров: эл ОСАГО полисин өз эрки менен алгыдай кылам
Жаңылыктар түрмөгү
0