Саясат жасабагыла! Муфтият ажылык сапар боюнча депутатка жооп берди

© AFP / -Меккедеги мусулман зыяратчылар жылдык ажылык учурунда. Архив
Меккедеги мусулман зыяратчылар жылдык ажылык учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Муфтият ЖК депутаты Фархат Исмаиловдун парламентте ажылык боюнча айткан сын пикирине жооп кылган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) айрым саясатчылардан ажылыкка тиешелүү туура эмес маалыматтарды айтуудан мурда аны муфтияттан тактап алууга чакырып, ажылыкты саясатташтырбоону суранды. Бул туурасында алар тараткан билдирүүдө айтылат.
Муфтият ЖК депутаты Фархат Исмаиловдун парламентте ажылык боюнча айткан сын пикирине жооп кылып, Меккеге баруунун чыгымдары туурасында кеңири маалымат берди.
Анда ажылыкты уюштуруу боюнча муфтияттын базасында убактылуу республикалык штаб иштээрин, быйылкы сапарды уюштуруу боюнча министрлик менен ведомстволордон мүчөлөр да тартылып, 30 кишиден турган штаб түзүлгөнү айтылган. Буга кошумча, Аалымдар кеңешинен, Борбордук текшерүү комиссиясынан жана муфтияттан өкүлдөр кирген.
"Мекемелер аралык комиссия ажылыкка тиешелүү бардык иштерди уюштуруп, конкурстарды өткөрөт. 2022-жылы ажылык сапардын наркы 4 500 долларды түзгөн. Аны уюштуруудагы бардык төлөмдөр САП (Сауд Арабия Падышалыгы) тарабынан түзүлгөн электрондук система аркылуу которулат. Муну менен катар коңшу өлкөлөрдөгү баа Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат экендигин социалдык тармактар аркылуу билүүгө болот", — деп айтылат анда.
Алар коңшу мамлекеттердеги ажылык сапардын баасы тууралуу да маалымат беришкен.
2022-жылы төмөнкүдөй болгон:
Казакстан — 4 245-6 522 долларга чейин (VIP ажылык тейлөөнү каалагандар үчүн);
Өзбекстан — 5 575 доллар;
Тажикстан — 5 350 доллар.
Россия — 4 800дөн тарта 10 900 долларга чейин (VIP ажылык тейлөөнү каалагандар үчүн);
Муфтият Меккеге барчуларды ташыган авиакомпания тууралуу да түшүндүрмө берген.
"САПтын жарандык авиациясынын эрежесине ылайык, ажыларды Кыргызстан менен аталган падышалыктын авиакомпаниялары гана ташый алат. Ал эми муфтият эки тараптын авиакомпаниялары ортосунда ачык конкурс жарыялап келет. Бирок ушул убакка чейин Кыргызстандагы учактар кара тизмеде болгондуктан алардын конкурска катышуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан конкурстан САПтын "Флайнас" авиакомпаниясы жеңип, бүгүнкү күнгө чейин ажыларды ташып келген", — дешти муфтияттан.
Билдирүүдө ажылар курмандыкка чалган койлордун баасы боюнча да тактоо берилген. Ажылык штаб мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кошуп комиссия түзүп, САПтын бардык стандарттарына жооп берген фирма менен келишим түзүп, ал иштер жасалганы айтылды.
"Белгилей кетсек, ЖК депутаты айткандай, 70 долларга (5 900 сом) шариятка ылайык келчү бир койду ажылык мезгилде таап союуга мүмкүн эмес", — деп жазылган маалыматта.
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Орозо быйыл качан башталат? Айрым өлкөлөрдө так күнү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0