Туманбаев: “Аманат курулуш” компаниясына менин эч кандай тиешем жок

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевПрезиденттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Иликтөө чыккандан кийин президенттин маалымат кызматы курулуш жүрүп жаткан жерге барып түшүндүрмө берүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткендеги үйлөр боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Бүгүн, 2-февралда, Баткендеги үйлөрдүн курулушун текшерүү учурунда Туманбаев Sputnik агенттигинин журналисти менен маек курду. Ал башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, ошол ишкананын жетекчиси Давид Камбаров менен кандайча тааныш экенин түшүндүрдү.

"Биз бир жерден болобуз. Мен жеке ишкер катары жүргөн 2020-2021-жылы биздин компанияда иштеп жүргөн. Бирок 2021-жылдын май айынан баштап өзүнүн ишкердиги менен алектенет. Мурдагы чек ара кагылышында биз жеке ишкер катары 140 үйдү сип-панелден курганбыз. Бул үйлөрдү компания элге жардам иретинде салып берген. Ал эми 20 жаштагы бала тендерге катышкан эмес. Давид Камбаров фирманы 2022-жылдын 4-июлунда сатып алган. Нотариалдык түрдө күбөлөндүргөн документ бар", — деди Туманбаев.

Анын айтымында, "Аманат курулуш инвест" 33 субподрядчыга 3,3 миллион сомдон берип жатат. Камбаров пайда көрбөй эле, тескерисинче, өз жанынан кошумча акча төлөөгө макул болгон.
"Кошумча нарк салыгы деген бар, аны элибизге жардам болсун деп Камбаров өзүнүн жанынан төлөйт. Мамлекет төлөбөйт ал акчаны", — деди президенттин иш башкаруучусу.
Ал эми иликтөө маалында суроолорго жооп бербеген себебин мындайча түшүндүрдү.

"Биринчиден, жумуш аябай көп, убакыт жок. Эртең менен саат 6:30да жумушка келем, кечинде 10-11де кетем. Экинчиден, биз Миң-Өрүк айылында үйлөрдү ачып жатканыбызда бардык ЖМКларды чакырганбыз. Менин позициям — иш менен көрсөтүү. Жооп бергенге убактым жок. Анан президенттин маалымат кызматына "менин атымдан жооп берип кой" деп айткам. Чындык, акыйкат менен жүргөн адам бир гана Кудайдан коркот, болду. Мамкурулуш агенттиги кээ бир жерлерге башкы планды кечиктирип бүтүрүп берди. Ошол үчүн да кечикти. Мен ушул үйлөргө корогон каражат боюнча жоопкерчиликти толугу менен өз мойнума алам", — деди Туманбаев.

Башка ЖМКнын өкүлдөрү Баткенге үйлөрдү курууда кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн жоксузбу деп сурашты.
"Биринчиден, тендерди мен өткөрбөйм, Мамлекеттик курулуш агенттиги өткөргөн. Менин тендер өткөргөнгө укугум жок. Биз каршы болуп келгенбиз. Себеби мыйзам бар, өзгөчө кырдаал режиминде тендер өтпөйт. Баткенден бирөө пайда көрөм деген болсо аны Кудай урат. Биз көзөмөл гана кылганбыз. Коюлган каражат максатына жеттиби, ошону гана караганбыз", — деди Туманбаев.
Ошондой эле ал Баткендеги үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөөгө ага президент тапшырма бергенин белгиледи.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Sputnik иликтөөсү: башкы прокурор Зулушев чуулуу тендер текшерилерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0