Жети-Өгүздө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

© AFP / PETER STEFFENСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Силкинүүдөн жабыркагандар катталган жок.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 6:10дө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматта силкинүү Жети-Өгүз районунун Каракол айылында 5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 3 балл, ошондой эле Нарын облусунун Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилгени айтылат.
Алдын ала маалымат боюнча, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ысык-Көлдө таштанды иргөөчү цех ишке кирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Ысык-Көлдө таштанды иргөөчү цех ишке кирди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0