Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрлик: Өзбекстан менен тышкы сооданын көлөмү 2,7 эсеге өстү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүНефть продуктыларын ташуу учун темир жол цистерналары. Архив
Нефть продуктыларын ташуу учун темир жол цистерналары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөгө экспорт 44 пайызга, импорт 5,6 эсеге өскөнү белгиленди.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 2016-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү 2,7 эсеге өскөнүн экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов билдирди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЭкономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов
Заместитель министра экономики и коммерции Канатбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экономика министрлигинин Өзбекстан менен болгон келечектүү экономикалык долбоорлору" аталышындагы брифингге катышкан.
Кыргызстандан экспорт 44 пайызга, ал эми импорт 5,6 эсеге көбөйгөн.
Абдрахмановдун айтымында, мыйзамга ылайык, товарды Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы автожол (жөө жүргүнчүлөр), темир жол жана суудан өткөрүү пунктулары аркылуу жарым жылда бир жолу кошумча төлөмдөрсүз ташууга болот. Ал тизмеде тиричилик жана кеңсе техникасынын 20 түрү бар.
Бул категорияга тиричилик техникалары (муздаткыч, тоңдургуч, кондиционер, чаң соргуч, кир жуучу машина, газ жана электр плиталары, телевизор, микротолкундуу меш, электр эт туурагыч, меш, үтүк, чач кургаткыч, тамак-аш комбайндары, телефон, компьютер, принтер) жана башка жабдуулар кирет. Ошондой эле бир айда ар бир товардан 2 килограммга чейинки керектөө товарларынын башка түрлөрүн кошумча алымсыз ташып келүүгө жол берилет. Бирок бул товарлардын жалпы салмагы 10 килограммдан ашпоого тийиш.
Кыргызстан негизинен Өзбекстанга көмүр, мунай продуктуларын, кара металл жана алардан жасалган буюмдарды, керамикалык буюмдар, транспорт каражаттары жана алардын тетиктерин, айнек жана андан жасалган буюмдарды, пластмассадан жасалган буюмдарды, гипс, таш, цемент, чийки алюминий, жыгач, мал, картошка, мөмө-жемиш жана жаңгак продукцияларын экспорттойт.
Коңшу өлкөдөн тамак-аш жана айыл чарба сырьесу, пластмасса жана алардан жасалган буюмдар, жер семирткичтер, фармацевтика продкциялары, жаратылыш газы, жеңил өнөр жай продукциясы, алюминийден, жезден, айнектен жана керамикадан жасалган буюмдар, транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, электр машиналары жана аппараттары, ар кандай жабдуулар жана алардын тетиктери импорттолот.
Абрахманов Өзбекстандын импортунда негизинен өнөр жай товарларына жана инвестициялык товарларга басым жасаларын белгиледи. Мындан улам Кыргызстан Өзбекстанга анда өндүрүлбөгөн же жетишсиз болгон товарларды, негизинен өнөр жай продукцияларын бере алат деп жыйынтыктады.
Бишкектени Кыргыз-өзбек бизнес форуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Пресс-борбор
Кыргыз-өзбек бизнес форумунун жыйынтыгы менен 84 документке кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0