Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирилет

© Sputnik / Асель СыдковаМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Кыргызстанда тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр кирип жатканын айтты.
Жаңы өзгөртүүлөр боюнча Кыргызстандын 16 жашка толгон жарандары, Кыргызстанда окуп-иштеп жаткан чет элдиктер, кайрылмандар, башпаанек издеп келген качкын статусу бар жарандар да милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы керек болот. Бул тууралуу Азамат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирилет
Анын айтымында, 2022-жылы 16 миллион 600 сомго 7 132 полис (анын 791и чет элдик жарандарга) сатылды. Ошондой эле 54 921 кош бойлуу аялга бекер полис берилди.
"2023-жылдын 18-январында Жогорку Кеңеш "КРдеги жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирилет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу үчүн ар бир жаран жылына 1 504 сом төлөйт. Ага камсыздандыруу полиси берилген соң ошол жылы дары-дармек 50 пайыз жеңилдик менен берилет. Ооруканадагы кызматтар үчүн акы арзандатылып, үй-бүлөлүк медициналык борборлордо акысыз дарыгерге көрүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыргызстандын калкынын саны жети миллион болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда катталгандардын саны алты миллион 700 киши. Анын төрт миллион 900ү медициналык жактан камсыздандырылган. Бул жалпы калктын 73 пайызын түзөт. 67 пайызын мамлекет камсыздандырган. Аларга 16 жашка чейинки балдар, 70 жаштан жогорку пенсионерлер, социалдык жөлөк пул алуучулар, жумушсуз каттоодо тургандар, студенттер жана аскер кызматкерлери кирет. Андан сырткары, эки миллионго жакын эмгекке жарамдуу өз алдынча иштеген кыргызстандык медициналык камсыздандыруу үчүн төлөшү керек. Саамалык ишке киргенден кийин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине кирешенин болжолдонгон көлөмү үч миллиард сомдон сегиз миллиард сомго чейин көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат кайра эле оорукананын абалын жакшыртууга, жаӊы жабдыктарды алууга, дарыгерлердин айлык акысын жогорулатууга жумшалат", — деди Муканов.
Ал Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда болжолдуу 64 миң чет элдик жаран окуп, иштээрин, мыйзам кабыл алынса, алар камсыздандыруу алгандан кийин бюджетке жылына 400 миллион сом түшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0