Сурабалдиева региондор аралык кастыкты козутуу беренесин алып салууну сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Жазылуу
Эл өкүлү мындай норма элди бөлүп-жарууга шыкап жатат деп эсептейт.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Кылмыш-жаза кодексинен "Региондор аралык кастыкты козутуу" беренесин алып салууну сунуштады.
Анын пикиринде, мынай норма элди аймактарга бөлүнүүгө түртүп жатат.
"Мындай берене биздин мамлекетибизди бириктиргендин ордуна майдалап, бөлөт. Ушул пунктуну алып коюңуздар. Облус, регион кылып Кыргызстанды майдалап, бөлбөңүздөр. Бул практиканы жокко чыгарыш керек. Элди бириктирүү зарыл, облустарга шек келтирилет деп биз бөлгөн сайын мамлекет бирикпей, бириндейт", — деди Сурабалдиева.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул берене көйгөй жаралганы үчүн 2005-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилгенин айтты. Ал түндүк-түштүк деп бөлүнүп жатканда араздашууну алдын алууга багытталганын белгиледи.
Бирок депутат жаңы муунду башкача тарбиялоо керектигин айтты.
"Логикалык жактан ой жүгүрткөн акыл-эстүү адам мамлекеттин ичинде бөлүнбөшү керек. "Нарындык", "оштук", "баткендик" десе таарынам дегенди токтотуп, жаштарга башкача саясатты жүргүзүшүбүз керек. Баарын бириктирүү шарт. Ошондуктан бул беренени алып салыш керек деп ойлойм. Ал укук коргоо органдарынын репрессиялык жактан колдоно турганы беренеси. Бийликке каршы сүйлөгөн адамдарды ошол беренени колдонуп каматкан учурлар болду", — деди Сурабалдиева.
Ошол эле учурда депутат Сүйүн Өмүрзаков кесиптешинин пикирине кошулбай турганын билдирип, бөлүнүп-жарылууга чекит коюу үчүн ушундай мыйзам колдонулуп жатканын айтты.
"Сиз деле туура айтып жатасыз, бирок аймак-аймакка бөлүнбөш үчүн мыйзам керек да. Болбосо эмнеге таянып чара көрөбүз? "Эгер бөлүнсөңөр мына, берене менен чара көрүлөт" деп жазылган", — деди Өмүрзаков.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Арив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Жогорку Кеңеш мугалимди шылдыңдагандарга айып салуу мыйзамын кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0