Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары

Жазылуу
Бүгүн — атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын "чогултуп", залкарды эскерди.
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле. Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.
Өмүрүн "кыргыз кереметин" жаратууга арнаган режиссер эмгек жолунда "Чабан", "Манасчы", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 2019-жылы 21-декабрында 78 жашында көз жумду. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жакындарына тапшырып, киночу Кыргыз Республикасынын Баатыры аталган.
© Фото / Александр Федоров

Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган бакыраң көз кичинекей Нургазы. "Ак кеме" тасмасы.

Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган бакыраң көз кичинекей Нургазы. "Ак кеме" тасмасы. - Sputnik Кыргызстан
1/15

Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган бакыраң көз кичинекей Нургазы. "Ак кеме" тасмасы.

© © Sputnik / Медиабанкка өтүү

"Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаева

"Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаева - Sputnik Кыргызстан
2/15

"Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаева

© Фото / Александр Федоров

Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аеосуз чаап жатканы дене бойду дүр эттирген көрүнүштөрдүн бири. "Ак кеме" тасмасы.

Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аеосуз чаап жатканы дене бойду дүр эттирген көрүнүштөрдүн бири. "Ак кеме" тасмасы. - Sputnik Кыргызстан
3/15

Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аеосуз чаап жатканы дене бойду дүр эттирген көрүнүштөрдүн бири. "Ак кеме" тасмасы.

© Фото / Александр Федоров

"Караш-Караш окуясындагы" тасмадагы Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)

"Караш-Караш окуясындагы" тасмадагы Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин) - Sputnik Кыргызстан
4/15

"Караш-Караш окуясындагы" тасмадагы Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)

© Александр Федоров

Шаман аялдын образын жараткан атактуу актриса Даркүл Күйүкова "Ак кемедеги" согуштук эпизоддо

Шаман аялдын образын жараткан атактуу актриса Даркүл Күйүкова "Ак кемедеги" согуштук эпизоддо - Sputnik Кыргызстан
5/15

Шаман аялдын образын жараткан атактуу актриса Даркүл Күйүкова "Ак кемедеги" согуштук эпизоддо

© Фото / Александр Федоров

Таланттуу Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган.

Таланттуу Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Таланттуу Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Момун чалдын ролун аткарган 60 жаштагы Асанкул Куттубаев

Момун чалдын ролун аткарган 60 жаштагы Асанкул Куттубаев - Sputnik Кыргызстан
7/15

Момун чалдын ролун аткарган 60 жаштагы Асанкул Куттубаев

© Фото / Александр Федоров

"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган. Бул үчүн актер Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана сыйлыкка ээ болгон.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган. Бул үчүн актер Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана сыйлыкка ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
8/15

"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган. Бул үчүн актер Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана сыйлыкка ээ болгон.

© Фото / из семейного архива Шамшиевых

Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган

Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
9/15

Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган

© Sputnik / Александр Федоров

Карабалтанын (Сүймөнкул Чокморов) артынан ээрчиген Калича (Айтурган Темирова). "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы кызыктуу бир эпизод.

Карабалтанын (Сүймөнкул Чокморов) артынан ээрчиген Калича (Айтурган Темирова). "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы кызыктуу бир эпизод. - Sputnik Кыргызстан
10/15

Карабалтанын (Сүймөнкул Чокморов) артынан ээрчиген Калича (Айтурган Темирова). "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы кызыктуу бир эпизод.

© Sputnik / Александр Федоров

Аттан түшкүсү келбеген зөөкүр Ороскул, өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирген Момун чал. "Ак кемедеги" оор эпизоддордун бири.

Аттан түшкүсү келбеген зөөкүр Ороскул, өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирген Момун чал. "Ак кемедеги" оор эпизоддордун бири. - Sputnik Кыргызстан
11/15

Аттан түшкүсү келбеген зөөкүр Ороскул, өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирген Момун чал. "Ак кемедеги" оор эпизоддордун бири.

© Фото / из семейного архива Шамшиевых

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев мыкты актерлор менен иштешип, ал кинодогу ролдорго ылайыктуу артисттерди мыкты тандай билген. Сүрөттө: Болот Шамшиев, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев мыкты актерлор менен иштешип, ал кинодогу ролдорго ылайыктуу артисттерди мыкты тандай билген. Сүрөттө: Болот Шамшиев, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова. - Sputnik Кыргызстан
12/15

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев мыкты актерлор менен иштешип, ал кинодогу ролдорго ылайыктуу артисттерди мыкты тандай билген. Сүрөттө: Болот Шамшиев, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова.

© Sputnik / Александр Федоров

Терс каармандарды катыра аткарган Орозбек Кутманалиев. Ал Шамшиевдин "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан","Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерине тартылган.

Терс каармандарды катыра аткарган Орозбек Кутманалиев. Ал Шамшиевдин "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан","Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерине тартылган. - Sputnik Кыргызстан
13/15

Терс каармандарды катыра аткарган Орозбек Кутманалиев. Ал Шамшиевдин "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан","Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерине тартылган.

© Sputnik / Александр Федоров

Турмушта жолун таппай адашкан, өз атын жоготкон Самат Касымов (Талгат Нигматулин) жана анын сүйүктүүсү Ажар (Айтурган Темирова)

Турмушта жолун таппай адашкан, өз атын жоготкон Самат Касымов (Талгат Нигматулин) жана анын сүйүктүүсү Ажар (Айтурган Темирова) - Sputnik Кыргызстан
14/15

Турмушта жолун таппай адашкан, өз атын жоготкон Самат Касымов (Талгат Нигматулин) жана анын сүйүктүүсү Ажар (Айтурган Темирова)

© Фото / Александр Федоров

Залкар актриса Сабира Күмүшалиева менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. СССРдин эл артисти Карыз эненин ролун аткарган.

Залкар актриса Сабира Күмүшалиева менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. СССРдин эл артисти Карыз эненин ролун аткарган. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Залкар актриса Сабира Күмүшалиева менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. СССРдин эл артисти Карыз эненин ролун аткарган.

По теме:
Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0