Чаткалда кар көчкү түшүп, жол жабылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүЖол техникалары жолду кар көчкүдөн тазалоодо. Архив
Жол техникалары жолду кар көчкүдөн тазалоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Жазылуу
Синоптиктер бул жуманын орто ченинде Жалал-Абадда катуу суук болорун эскертишкен.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кечээ, 8-январда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкүнүн көлөмү 7 725 куб метрге жетет. Жеринде эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жалал-Абадда келерки жумада күтүлүп жаткан аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0