00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:51
8 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Серебряные монеты, векселя в XIV веке и города без стен — доктор исторических наук о реальной Золотой Орде
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Тазалык каражаттарын өндүргөн ата мекендик компаниянын негиздөөчүсү Баяс Рыскулбековдун ишкердик жолу кантип башталган?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Нарын экономикасын тоо-кен эмес, айыл чарбасы сүйрөй алабы: эт корпорациясы эмне үчүн керек?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ымыркайлардын чарчап калуусунун себептери жана перинаталдык жардамдын сапаты
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ушул аптада "75чилердин каты" боюнча соттун өкүмү чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев билдирди. Ал сотто кошумча суралган күбөлөр тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн айырмаланган маалыматтарды беришкенин белгиледи. "Күбөлөр тергөөдө сурак протоколуна аны окубай туруп кол коюшканын айтышты. Сотто алар бийликти күч менен басып алуу тууралуу эч кандай сүйлөшүү болбогонун жана мындай көрсөтмө бербегенин билдиришти. Мындан тышкары, кол топтоого катышкан дагы 3-4 адам аныкталып, алар да сотто суралды", — деди Ногоев. Адвокаттын айтымында, бул адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Жактоочулар соттук-лингвистикалык экспертизада бул жагдайлар эске алынбаганын айтып, кайра экспертиза дайындоону өтүнгөн. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган эмес. Сот иштин материалдарын изилдеп чыгып, түштөн кийин тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.Ногоев балким бүгүн же кийинки сот отурумунда, бейшемби күнү, айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгышы ыктымал экенин кошумчалады.
Кытайда "Борбор Азия – Кытай" форматындагы ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусунда трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды. ИИМден билдиришкенжей, жолугушууда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков мамлекеттер ортосундагы экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберкылмыштуулук сыяктуу коркунучтар чек арадан өтүп жаткандыктан, ыкчам маалымат алмашуу жана тыгыз кызматташтык зарыл. Ошондой эле ШКУнун алкагындагы кызматташтыкка көңүл бурулуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселелери каралды.
Кабардин-Балкардын тоолорунда кар көчкү жүрүп, 11 альпинист көз жумду. Бул тууралуу Россия ӨКМинин аталган республика боюнча башкармалыгы билдирди.Дагы алты альпинисттин дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Топто жалпы 33 киши бар экени айтылды. Көчкү Безенги капчыгайындагы тоодон түшүп, альпинисттерди басып калган.Куткаруучулар издөө иштерин улантууда.
АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Владимир Путин менен болгон жолугушууда украин жаңжалын жөнгө салуунун жолдорун сунушташты. Бул тууралуу РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.Анын айтымында, америкалык өкүлдөр сапарга олуттуу даярданып келишкен.Президенттин жардамчысы сүйлөшүүнүн жыйынтыгына токтолду.Анда Россия тарап согуш талаасындагы абалга так баасын берди. Мында армиясынын чыныгы жетишкендиктери айтылды; жаңжалдын түпкү себебин жоюу зарылдыгы белгиленди; Путин абалды жөнгө салуунун дипломатиялык жолун америкалыктар менен биргелешип издөөгө даярдыгын дагы бир ирет тастыктады; өкүлдөр россиялык лидердин берген баасын Киев менен сүйлөшүүдө колдонууну убадалашты; бул сүйлөшүүлөр Украинада тынчтыктын орношуна негиз болуп калышы ыктымал; чабармандар Путиндин нацисттик кылмышкердин сөөгүнүн кайра көмүлүшү тууралуу сөзүнө көңүл бурушту; экономикалык тематика талкууланып, өз ара пайдалуу келишимдер тууралуу кеп болду;
Жаңылыктар түрмөгү
0