https://sputnik.kg/20260907/1103500461.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында улуттук мурас даңазаланды. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өтүп... 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T09:00+0600
2026-09-07T09:00+0600
2026-09-07T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103500295_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9acb2ada47a0b6d42202f24c369a7ee5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында улуттук мурас даңазаланды. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында аталган оюндардын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук маданиятты даңазалаган негизги аянтчалардын бири болду. “Шаарчада 13 республикалык кароо-сынактын алкагында Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле коомдук уюмдардан келген жалпы 1331 катышуучу өз өнөрүн тартуулады. Сынактар музыка, бий, кол өнөрчүлүк, улуттук кийим, каада-салт, улуттук ашкана, боз үй жана көчмөн маданиятынын башка мыкты үлгүлөрүн бир аянтчага бириктирди.Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, мыктылар сыйланды. Сынактар улуттук мурасты, салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, ыр-бийди жана көчмөн маданиятын кеңири жайылтууга багытталды" деди Максутов.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн билдирди. Анын айтымында, жаңы курулган стадиондун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болот. Коноктор үчүн акысыз шоу-программа тартууланмакчы. Туманбаев бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн жакшы жаңылык экенин кошумчалады.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү аккредитациядан өттү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди. Анын айтымында, оюндарды чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди.Чет өлкөлүк журналисттер оюндардын спорттук бөлүгү менен катар Кыргызстандын тарыхына, маданиятына, улуттук спорт түрлөрүнө, салт-санаасына жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө да кызыгуу көрсөтүштү. Алардын материалдары Кыргызстанды эл аралык маалымат мейкиндигинде кеңири таанытууга өбөлгө түздү”, — деди Аскаралы Мадаминов.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында улуттук мурас даңазаланды. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында аталган оюндардын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук маданиятты даңазалаган негизги аянтчалардын бири болду. “Шаарчада 13 республикалык кароо-сынактын алкагында Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле коомдук уюмдардан келген жалпы 1331 катышуучу өз өнөрүн тартуулады. Сынактар музыка, бий, кол өнөрчүлүк, улуттук кийим, каада-салт, улуттук ашкана, боз үй жана көчмөн маданиятынын башка мыкты үлгүлөрүн бир аянтчага бириктирди.Кырчын жайлоосунда өткөн “Көчмөндөр ааламы” сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, мыктылар сыйланды. Сынактар улуттук мурасты, салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, ыр-бийди жана көчмөн маданиятын кеңири жайылтууга багытталды" деди Максутов.Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн билдирди. Анын айтымында, жаңы курулган стадиондун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болот. Коноктор үчүн акысыз шоу-программа тартууланмакчы. Туманбаев бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн жакшы жаңылык экенин кошумчалады.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү аккредитациядан өттү. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди. Анын айтымында, оюндарды чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди.Чет өлкөлүк журналисттер оюндардын спорттук бөлүгү менен катар Кыргызстандын тарыхына, маданиятына, улуттук спорт түрлөрүнө, салт-санаасына жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө да кызыгуу көрсөтүштү. Алардын материалдары Кыргызстанды эл аралык маалымат мейкиндигинде кеңири таанытууга өбөлгө түздү”, — деди Аскаралы Мадаминов.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103500295_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da92c4b137c70152fcd4c6b4d1826bd4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио